super.kg logo

Өлкөдө 83 миң 500 адам жумушсуз. Алардын эң көбү Нарында, эң азы Бишкекте

 

Жыл башынан бери өлкө аймагында иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 83 миң 500 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, катталгандардын ичинен расмий жумушсуз макамы барлар 61 миң 800 адам.

"Республика боюнча экономикалык активдүү калктын саны 2 миллион 547 миң адам. Жыл башынан бери жумушсуздар эң көп катталган аймак - Нарын облусу. Анда 5 миң 800 адам, тагыраагы, калктын 4,5 пайызы жумушсуз. Андан кийин Жалал-Абад облусунда 24 миң 500 адам (4,2 пайыз) жумушсуз. Ал эми жумушсуздар эң аз Бишкек шаарында 7 миң адам (1,1 пайыз) жана Чүй облусунда 6 миң 400 адам (1,4 пайыз) менен катталган", - деп айтылат маалыматта.

Акыркы төрт айда иш менен камсыз кылуу кызматы 8 миң 500 бош иш орунду аныкташкан. Бир бош орунга 13 адам талапкер болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.06.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
83мин адам жумушсуз болсо Кыргызстан онугуп кеткенго. 1500000кыргыз чет олкодо тентип жургонун эсепке албаганда.
11.06.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул каттоодогусу эле болушу мумкун.
11.06.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дагы бир ойдон чыгарылган цифралар
12.06.2018. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мигрант жердештерибиз оз мекенине кайтса элдин баары эле бош болуп калат го.Бизде министр депутаттар эле коп.Негизи торт беш минстр отуз кырк депутат жетет эле.Минстр анан онын орун басары депутаттын жардамчысы вице мер деги койчу ушулурдын эле жеп ичкенине жана айлыктарына кетип калат казынадагы акча.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: