super.kg logo

Улуттук банк насыя алуудагы көйгөйлөр менен кайрылган жарандардын баарына жардам бере албаганын моюнга алды

 

"2017-жылы Улуттук банкка коммерциялык банктардан насыя алуудагы көйгөйлөр боюнча канча жаран кайрылды?" Мындай суроо менен бүгүн, 11-июнда парламенттин комитетинин жыйынында депутат Таалайбек Масабиров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго кайрылды.

Эл өкүлү Улуттук банк аталган маселе боюнча кайрылгандардын канча пайызынын маселесин чечип бергенине кызыкты.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов: "Улуттук банкка коммерциялык банктардан насыя алуудагы көйгөйлөр боюнча көп адамдар кайрылат. 2016-жылы 400дөн ашык жаран кайрылган. Былтыр болсо жарандардан 316 кайрылуу келип түштү. Албетте, биз баарына жардам бере алган жокпуз. Буга жарандардын экономикалык сабатсыздыгы да себеп болду. Алардын иши сотко өтүп кетүүдө", - деди.

Учурда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети Улуттук банктын төрагасынын 2017-жылы аткарган иштери боюнча отчётун угууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: