Мамлекеттик чек ара кызматы аткезчилик жол менен алынып келе жаткан дары-дармектерди кармады




Мамлекеттик чек ара кызматы кечээ, 10-июнда аткезчилик жол менен алынып келе жаткан дары-дармектерди кармады. Бул тууралуу аталган түзүмдүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, дары каражаттары Орусиядан алынып келе жаткан.
“Мамлекеттик чек ара кызматы ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте "Кайыңды темир жол" өткөрмө бекетинен Москва-Бишкек багыты боюнча жүргөн поездди текшерүүгө алып, түрдүү логотиптер чапталган 4 куту дары-дармек табышкан. Мыйзамсыз дарылар купелердин шыптарына катылган”, - деп жазылат билдирүүдө.
Бул факт боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, материалдар тергөө үчүн ИИМге өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Adilet2014

11.06.2018. 18:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы ойлопмун 1 вагон окшойт деп
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.