super.kg logo

2017-жылы бюджеттен 11 миллиард сомдон ашык каражат максатсыз коротулган

 

Улукбек Марипов2017-жылы бюджеттен максатсыз иштетилген каражаттардын 81 пайызы калыбына келтирилген. Бул тууралуу 11-июнда парламенттик комитеттин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, былтыр укук коргоо органдарына 51 материал жиберилген.

"Былтыр 11 миллиард сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу катталып, 81 пайызы калыбына келтирилди. Биздин мекеме тарабынан ар кайсы ишканаларга 1 миң 300 жазма буйрук жиберилген. 2017-жылы укук коргоо органдарына туура эмес коротулган, 600 миллион сомго чукул уурдалган каражат боюнча 51 материал жибердик. Прокуратурага 16, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына 33, УКМКга 2 материал жиберилген. Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр 200 суроо-талап келип түштү. Коопсуздук Кеңешке болсо 37 маалымат жибердик", - деди Марипов.

Учурда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинде Эсептөө палатасынын отчёту каралууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.06.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде максатсыз эмес, максаттуу коротулгандарды эсептеш керек.
11.06.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Максатсыз коротулган акчаларды " кайра ордуна койду"деген бирда маалыматка козум тушпоптур..
Же ким билет,ким коротулган акчаны ордуна койду?
11.06.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
11 миллиард дегени бир чекеси да, чын-чынында бюджеттин 40-50%ти максатсыз коротулат, мисалы ошол эле Тарых музейин 1,5 миллиард сомго жанылоо, ж.б.сыяктуу...

Максатсыз коротулган акчалар 11 миллиард СОМ эмес, 11 миллиард ДОЛЛАР болсо, мен тан калбаймын...

Анан орду толтурулду дегени карандай калп го.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: