Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Ташиев эмес, Тагаев шайланды
Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Мураталы Тагаев шайланды. Шаар башчысын шайлоо бүгүн, 11-июнда болуп өттү.
Маалыматка караганда, жыйынга катышкан 30 депутаттын 18и Мураталы Тагаевге добуш берсе, Шайырбек Ташиевди 11 депутат колдогон.
Буга чейин мэрликке талапкер болуп шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев көрсөтүлгөн.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов май айында кызматынан бошотулган. Ал буга чейин Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Учурда УКМКнын тергөө абагында.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Илгерки Камчы жок азыр, мактагыдай!!!
Жетекчи дегенин акылдуу, зирек болсо, иштин козун билсе, пайдалуу иш кылууга белсенип, элге ак кызмат кылууга каалоосу болсо... Буларчы, буларда ошол сапаттардын бири жок. Максаты эптеп эле казынаны тономой.
Эми бул Мурат да кыйратпайт, болбосо бир убак гулдогон жаштардын шаары Жалал-Абад коп жылдан бери кароосуз калып, шаар эмей эле бир айылды элестетет...
Мына силерге Текебаев сунуштаган "демократия". Мына Сокенин кадрлары...
Тигине толтура билимдуу, зээндуу, акылдуу, креативдик идеяларга толо толтура жаштар журот, бирок артында бул 2 бекерпоздун кучтуу агаларына окшогон агалары жок, чонтогундо акчасы жок...
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун болуп, байдын инилери бугун бийликте!!!
Ташиевдерди котормолоп Ташиев кылган Камчы Ташиев болсо, Тагаевдерди Тагаев кылган ушул киши, Абдыжапар Тагаев. Экоо бир айылдын кулуну, жердеш ага-инилер...
Бирок экоонун бугун мэрликтин тизгинин талашкан инилери камчыга сап болууга жарабаган, элге пайдасы тийбеген, бекерпоздор экенин аларды жакшы тааныгандар танбас....