super.kg logo

Чүй кең көчөсү жана Эркиндик бульварынын кесилишине Бишкек баатырдын эстелиги орнотулат

 

Чүй кең көчөсү жана Эркиндик бульварынын кесилишине Бишкек баатырдын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Ринат Шамсутдинов билдирди.

Маалыматка ылайык, калаанын борбордук көчөлөрүнүн кесилишине орнотула турчу эстеликти жасоо үчүн сынак жарыяланган.

"Эң мыкты эмгекти тандап алуу үчүн сынак жарыяланды. Эстелик Бишкек баатырдын образын ачып, орнотула турчу жерге ылайыкталып жасалышы керек. Сынакка тажрыйбалуу айкелчилер, сүрөтчүлөр жана архитекторлор катыша алат", - дейт Шамсутдинов.

Сынак 18-августта жыйынтыкталат.

Бишкек баатыр - 18-кылымдагы тарыхый инсан. Ал Жунгар, Ойрот баскынчыларынан кыргыз жерин коргоп, кыргыздын улуттук боштондук кыймылын жетектеген баатыр. 18-кылымдын 40-50-жылдарында калмактар Кыргыз жергесинин алгач түндүгүн, кийин түштүгүн басып алышкан. Өз мезгилинде Бишкек баатыр менен катар айтылуу Базыл, Нияз жана Жайыл баатырлар кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн жунгар хандыгынын баскынчы саясатына каршы күрөшкөн. 1733-жылы кыргыз-казактын колу биригип, Анархайдагы болгон согушта Бишкек баатыр душмандын гвардиясын жарып өтүп, алардын туусун жыгат. Бишкек баатыр Жайыл баатыр менен 1770-жылы 30 миң аскери менен кыргыздарга кандуу чабуул жасаган казактын Аблай ханынан Чүй өрөөнүндө жашаган кыргыздарды сактап калган. Бирок Жайыл баатыр душмандын курчоосунда калып Аблай хан тарабынан өлтүрүлгөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
11.06.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эстеликтерди коп куруп эмне кереги бар дейм да.андан коро пайдалуу нерсе курса болбойбу?
11.06.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Tolkun555,Туура созуно кошулам.Кыргызстан эстеликтер боюнча биринчи турса керек.Бишкекте ,Ошто кадам сайын эстелик
11.06.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бишкек баатырдын эстелиги керек керек жаш муундарга билесин таарыхты Жана туристер үчүн да керек
12.06.2018. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
AzKumFerDan,неге ушинтип жаза бересиңер таааарых каар жаады жылаан деп дагы толтура сөздөр бар ай кыргызбектер үйрөнгүлөчү
11.06.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ Бишкеке баатыр кайсыл орондо торолгон малымат бергилечи кененирек омур баянын
12.06.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негизи Бишкек деген баатыр бар беле.түшүнбөдүм 18к 40-50дылдарында басып алган болсо жүнүкарлар.а биздин бишкегибиз 1733жылдары болатпайбы баатырлык. Түштүккө басып да келе алган эмес Коканд хандыгынан башкасы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: