Сокулукта жол кырсыгы катталып, 15 жаштагы өспүрүм кыз каза болду
Кечээ, 10-июнда Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылында трактор менен кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, 15 жаштагы өспүрүм кыз каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 17:00 чамасында Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылында катталган. Анда 50 жаштагы У.И. Мерседес Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус менен бара жатып, 33 жаштагы Ж.О. башкарып бара жаткан тракторун сүзүп, жол кырсыгына учураган. Натыйжада кичи автобустун 15 жаштагы М.М. аттуу жүргүнчүсү кырсык болгон жерден каза болгон. Андан тышкары айдоочу жана эки жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышып, Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилген.
"Учурда жол кырсыгы боюнча тийиштүү документтер топтолуп, тергөө иштери башталды" деди маалымат катчы.


Ушулардын баарын коро биле туруп, чара корбогон Сокени эмнеге мактайсынар тушунбойм. Ушул нерсени чече албаган Соке башканы кыйратабы?!!
Эми Жээнбеков бийликке жаны келди, убакыт берели деген эски жомогунарды качан коесунар вя?!! Жээнбеков эси-башын жыйып алгыча эле 2-3 жыл отушу керекпи арадан?!!
Жээнбеков Окмотту жетектеп турганда чара коруп, жол кыймылын жолго салып койсо болмок, еще былтыры...
Эми сенин Жээнбековун "ойгонгуча" дагы канча адам олуп кетиши керек, алардын убал-сообу кимге ыя?!!
Буларды Жээнбеков олтурбогону менен, ошого жооптуу адам ошол. Иштейм деп бийликке келген сон иштеш керек, болбосо кетсин!!! Башкасы кылат, жонго салат жол кыймылын...
Жол кыймылын жонго салса, кырсыктар азаят. Ошого башын жетпесе, коммент жазып эмне кыласын?!!