Түркмөн президенти Кадыр түндүн урматына абактагы 601 адамга ырайым кылды
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Рамазан айындагы Кадыр түндүн урматына абактагы 601 адамга ырайым кылып, мөөнөтүнөн эрте жаза өтөөдөн бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кечирим алгандар өз кылмыштары үчүн өкүнүп, жаңы жашоо баштоого даяр экенин билдиришти. Алар жакын арада тиешелүү чаралар өткөрүлгөн соң үйлөрүнө кайтары айтылды. Ошондой эле кечирим алгандар белгилүү бир аймактан чыкпай жашоого милдеттендирилет.
Айта кетсек, 2017-жылы июнда Түркмөнстандын президенти Кадыр түндүн урматына 1 миң 29 адамга ырайым кылып, абактан бошоткон. Ал эми 2016-жылы ушундай эле ырайым менен 600дөн ашык адам бошотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
2

Ырайым кылбайт.
Айтты кылмышкер деп Жапаровтун
Кылган иштерин көрсөң кубанасын
Жарык жүз менен үйүнө барышын каалайт
Элем мен.