super.kg logo
  Спорт  

Арабиялык футбол күйөрманы Дүйнө чемпиондугуна велосипед менен келди

 

Футбол күйөрманы Дүйнө чемпиондугуна велосипед менен келди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Сауд Арабия өлкөсүнүн жараны Фахад Ибрахимов Альяхья Санкт-Петербург шаарында орун алган Араб өлкөсүнүн курама командасынын ачык машыгуусуна катышты. Машыгууга катышуу үчүн ал 5 миңден ашуун чакырым жолду велосипед менен басып өткөн.

"Бул идея мага 20 жыл мурун келген. Мен өз өлкөмдүн курама командасын 1998-жылы Францияда өткөн Дүйнө чемпиондугуна барып колдогум келген. Минтип менин кыялым 2018-жылы ишке ашып отурат. Орусиянын аймагында велосипед менен жүрүү башка өлкөлөргө салыштырмалуу өтө ыңгайлуу болду. Бул өлкөгө үй-бүлөм менен келип, эс алып кетейин деген ойлор пайда болду", - деп билдирген Ибрахимов.

Күйөрман Орусияга жетиш үчүн Египет, Түркия, Грузия өлкөлөрүн басып өткөн. Ал Араб өлкөсүнүн Орусиядагы элчисине тапшыруу үчүн өлкөсүнүн желегин ала келген.

Айта кетсек, Орусия жана Сауд Арабия курама командаларынын беттеши 14-июнда Дүйнө чемпиондугунун алгачкы күнүндө орун алат.





кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.06.2018. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан калычтуу
11.06.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик
13.06.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канча кундо барыптыр,менда КРга велик менен эле кетип калсам окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: