super.kg logo

Жактоочу соттон Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүүнү өтүндү

 

Бүгүн, 12-июнда Бишкек шаардык соту депутат Алмамбет Шыкмаматовдун ишин карап жатат. Сотто адвокат Чынара Жакупбекова тергөөдөгү мыйзамсыз жагдайларды оңдоо талабы менен ишти кайра тергөөгө жөнөтүү өтүнүчү менен сотко кайрылды.

Анын айтымында, тергөө маалында бир эле иш аракет боюнча үч башка чечим кабыл алышкан. "Биринчисинде, "Шыкмаматовдун аракетинде кылмыш фактысы жок" деген токтом кабыл алынып, ал токтомду жокко чыгарбай туруп, "коррупция" беренеси менен иш козголгон. Бул жагдай тергөөчүлөр тарабынан Конституцияны жана эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу болуп саналат. Мындан тышкары мамлекетке келтирилген чыгымды тергөө аныктай алган эмес, демек, "чыгым болбосо, кылмыш жосуну да болбойт" деген мыйзам талабы дагы эске алынган эмес. Ошол себептен ал ишти кайра тергөөгө жөнөтүү керек", - деди жактоочу.

Белгилей кетсек, "Алмамбет Шыкмаматов 2 жыл Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталууда. Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган. Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.






Шаардык сот Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кайра тергөөгө жөнөттү

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.06.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мдаа... Шыкмаматовду акташ керек! Ибраимов, Кулматов деген профессионал жегич, коррупционерлерди батыраак камап, мулкун конфискация кылуунун ордуна 3-4 жылдан бери Шыкмаматовдун болбогон, козго корунбогон кылмышын ажиотаж кылып отурушат. АША кетсе да, куйругу узуло элек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: