super.kg logo

Канат Исаев сотто акыркы сөзүн айтты

 

Бүгүн, 12-июнда Бишкек шаардык сотунда депутат Канат Исаевдин иши каралды. Анда айыпталуучу акыркы сөзүн айтты. Исаев тергөөчү туура эмес тергегенин айтып нааразычылыгын билдирди.

"Жер тилкеси боюнча кимдир бирөөнү коррупцияга айыптоо үчүн чыгымды аныкташ керек жана чыгымдын суммасы болушу керек эле. Биздин иш боюнча мамлекетке чыгым болгон эмес. Ал эми жер тилкесине ошол учурда туура эмес чечим чыкса, "коррупция" менен эмес, "шалаакылык" жана башка беренелер менен айыптаса болот. Бирок "коррупция" менен иш козголду. Жок дегенде бир жактан акыйкаттык болуш керек эле да", - деди Канат Исаев.

Андан соң ал акыркы сөзүндө күнөөлүү эмес экенин аныктай алганын жана соттон акыйкат чечим чыгарууну, айыпталуучуларды актоону өтүндү.

Соттун чечими 21-июнда саат 09:30да чыгары жарыяланды.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Анын жактоочулары соттун чечимине каршы экенин билдирип, шаардык сотко даттанышкан.

Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: