super.kg logo

Премьер-министр республика боюнча канча мектеп жетишсиз экенин айтты

 

Республика боюнча 600 мектеп жетишсиз. Бул тууралуу 12-июнда парламенттик комитеттин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“2017-жылы 18 жаңы мектеп курулду. Учурда өлкөдө 2200 мектеп иштеп жатат. Жалпысынан 600 мектеп жетишсиз. Өлкөдөгү начар абалдагы курулуштарды оңдоо үчүн 13 миллиард сом керек. 2018-жылы 190 авариялык мектептин 16сын бүтүрөбүз. Чатырда окуп жаткандардын маселесин быйыл чечебиз”, - деди премьер-министр.

Ошондой эле вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, 2017-жылы 2 миң 612 бала мектепке барбай калган. Алардын басымдуу бөлүгүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар түзөт. “Биз мектепке бара албай жаткан балдарды үйүнө барып окутууну пландап жатабыз. Бул тууралуу токтом кабыл алдык”, - деди Өмүрбекова.

Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн 2017-жылга карата отчётун талкуулоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
12.06.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
3 жолку көчмөндөр оюнуна кеткен акчага жок эле дегенде 60 мектеп курулмак. Каражат жетишпей жатканда оюндун кереги бар беле?
12.06.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жайнатып мечиттерди кура бербей, больница, билим мекемелерин курушпайбы. Азыр больницаларга ооругандар орун жетишпей канчалаганы колидорлордо дарыланып жатышат. Анысы аз келгенсип мечиттен чыккан азадын уну озгочо танга маал адамдарга тынчтык бербейт, озгочо жаш наристелерге. Мечиттерде араб, пакистан дуйносун гана уйротушот. Мечиттер
12.06.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
pat12,Тууганым биринчи бир аз ойлонуп, мечит менен мектептин узун туурасын элестетип анан суйлосон жакшы болмок.1)мектепке канча милион акча кетишин озун билесин. анын канчасы сол чонтокко кетишин да билесин.2) бизде мамлекет мечит курбайт.3)биздеги мечиттердин 90% арап Туугандар курат.4)Араптар мечит эле эмес,больница, чакан мектептерди, жетим жесирлерге уйлорду куруп берип жатат.Мамлекет чакан мектептерди курууда ото коп каражат коротот ошонун кесепетинен акча жетишпейт.
KAYRATBEK түзөттү 2018-06-12 13:40:44
12.06.2018. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошол мечиттин ордуна мектеп ,ФАП куруп койсун, бир айылга эки мечит салбай. Туурабы???
12.06.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Билимдуу коом кургубуз келсе, мектептерди кобуроок салып алдыны карайлык, артты карабай. Мечиттерди салып артты карап отура берсек (7-кылымды) пакистан, араб кейпин кийип калабыз. Итак пакистан кейпин кийген, арабчыл кыргыз жаштары кобоюп барат. Мечиттерге кайра кайра барып даваат уга берип, кээ бироосу ашынган фанат болушуп, раликал, эктримизм мунозго отуп кетип жатышат. Диндин эмес, билимдин аркасынан кууш керек.
12.06.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым ушул жерде да динди коро албагандар аралаштырып жамандап тургандарыны карасан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: