MegaCom "Элдик S/M/L" жана "Элдик S/M/L + TV" топтомдорунун жаңы түркүмдөрүн сунуштайт

MegaCom компаниясы өз ичине чектөөсүз түнкү интернетти, күндүзгү интернеттин болуп көрбөгөндөй көлөмүн жана да ар бир топтомго киргизилген түйүндөн тышкары мүнөттөрдү камтыган "Элдик S/M/L" жана "Элдик S/M/L + TV" топтомдорунун жаңы түркүмдөрүн сунуштайт. Компания адистери ыңгайлуу топтомдорду иштеп чыгууда, албетте, мега-түйүндүн абоненттеринин мүдөөлөрүн эске алышты. Ар бир абонент өзү каалаган топтомун тандап алса болот.
«Элдик S/M/L» топтомдору:
Эгерде сиз интернеттин абдан жигердүү колдонуучусу болсоңуз жана да мобилдик телеберүүнү көрүүнү жактырсаңыз, анда төмөндөгү "Элдик S/M/L + TV" топтомдорунун бирин тандап алсаңыз жаңылбайсыз:
MegaCom тарабынан ишке киргизилген ыңгайлуу акция жаңы топтомдор түркүмдөрүн кошуудагы жагымдуу бонус болуп саналат. Эми негизги тарифке киргизилген интернеттин мегабайттары сарпталгандан кийин абоненттер кам санабай эле коюшса болот. Алар акциянын алкагында түйүндөн тышкары мүнөттөрдү мобилдик 4G-интернетке АКЫСЫЗ алмаштыра алышат. Бул үчүн *678*678*Y#чалуу USSD-буйруусун терүү, <678*Y> же <678#Y> тексти менен 678 номуруна SMS жөнөтүү жетиштүү, бул жерде Y – түйүндөн тышкары мүнөттөрдүн саны (5ке калдыксыз бөлүнө турган).
Алмаштыруу курсу: түйүндөн тышкары 5 мүнөт = 4G түйүнүндө 1 Гб .
Сунуш менен колдонуп калууга жетишиңиз – акциянын аракет мөөнөтү 2018-жылдын 10-июлуна чейин.
Жаңы топтомдор түркүмү жана акция тууралуу толугураак маалымат megacom.kg расмий сайтында жайгаштырылган.
кошулду

MegaCom компаниясы 3G аны менен бирге 4G түйүнүн кеңейтүүгө бардык аракетин жумшоодо. Себеби биз үчүн да бардык облустарды сапаттуу байланыш кызматтары менен камсыз кылуу өтө маанилүү. Сиздин аймакта 4G түйүнү ишке киргизилгендиги тууралуу сөзсүз түрдө маалымдайбыз.Жоопту түшүнүү менен кабыл аласыз деген ойдобуз.
Урматтоо менен,
MegaCom компаниясы.
Компания адистери ыңгайлуу топтомдорду иштеп чыгууда, албетте, мега-түйүндүн абоненттеринин мүдөөлөрүн эске алышты. Ар бир абонент өзү каалаган топтомун тандап алса болот. Эгерде интернет менен көп колдонсоңуз «Элдик S/M/L + TV» топтомдорун сунуштайбыз.
Урматтоо менен,
MegaCom компаниясы.
115сом 165сом 195сом анан 2ж 3ж 4ж үчүн өзүнчө 8:00дөн 00:59:00гө чейин мындай ой шумдуууук ой ТОООООБО Ушунча майдалабай айына 400сом же 500сом же 600сом деп койгула да өзүңөрдүн да элдин да башын оорутпай. Кудай сакта МЕКЕНге барсаң ушундай бардакстан Азыр Москвадамын андай баш оору жок айына бир жолу төлөйсүң. Айына эсептеп чыгып ыңгайлуу тарифтик план чыгаргылачы сураныч, садагаң кетейиндер, айланайындар, майдалай бербегилечи. Дагы бир жолу суранам. Майдалай бербегилеч