Бегимай Бекбоева: "Той болбойт. Жигитим экөөбүз мамилебизди үздүк"
Ырчы Бегимай Бекбоева сүйүктүүсү Эрлан Муратжанов менен мамилесин токтотту. Эми жарашпайбыз, тоюбуз дагы болбойт деген ырчы бул тууралуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Жигитим кызганчаак болгондуктан акыркы учурда чыгармачылыгым дагы аксап калган. Экөөбүз 2 жылдан ашуун кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Бирок акырындап жылдызыбыз келишпей, мамилебиз солгундап баштады. Мындан улам экөөбүз сүйлөшүп, эки башка жолго түшүүнү туура көрдүк. Учурда жаңы чыгармаларды жаздырып жатам. Ырчы Алтынбек Борошев менен чогуу аймактарды кыдырып концерт коюуну пландап, дуэт жаздырып жатабыз. Чогуу иштешип жаткандан улам бизди мамиле куруп жүрүшөт деген сөздөр айтылып жатат. Алтынбек Борошев үй-бүлөлүү, балдары бар. Бизди бир гана чыгармачылык байланыштырып турат", - дейт ал.
Ошондой эле Бегимай Бекбоева ырчы Дайыр Исмадияров менен чогуу түшкөн мурунку сүрөтүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялап: "9 жыл достошуп, бир туугандай ээрчишип жүргөнбүз. Ортобузду шайтан аралап таарынышып жүрдүк эле. 3 жыл таарынышып жүрүп, эми Орозо айында жараштык" деген билдирүү калтырган. Интернет айдыңында талкуу жараткан сүрөт боюнча ырчы буларга токтолду.
"Дайыр менин чыгармачылыктагы жакын досум болчу. Кийин экөөбүз таарыныша кетип, саламдашпай калган элек. Андан бери 3 жыл өттү. Дайыр үй-бүлө куруп, балалуу да болду. Көп нерсени түшүнө баштадык. Быйыл Орозо айында таарынычтарды унуталы деп жараштык".
кошулду
Ырчы Бегимай Бекбоева: "Сүйүктүүм менен тоюбуз болбойт"

Келечектеги оз бактына балта чаап не кереги бар дейминда.Мурдунда жыты жок эркекке эле турмушка чыгып тынчыбасан а так соо эркек мээнди жеп отот.Ошону менен кандай кылгансын? Ошонунду сагындынбы тата,пата сассык создор менен жашайсын тишинди,тишине койуп чыдасан чыдабасан анан........