Акыйкатчы Турсунбек Акун ооруканада
Акыйкатчы Турсунбек Акун Баткен облусундагы
Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу Акыйкатчы
институтунун басма сөз катчысы Мирбек Найзабеков бүгүн, 25-июнда “SUPER.KG” порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы аталган облуста иш сапары менен жүргөн учурда кан басымы төмөндөп кеткен. “Биз Кадамжай
районундагы чек арада чыккан чырдын чоо-жайын билүү үчүн келгенбиз. Ошол жактан
акыйкатчы өзүн жаман сезип калды. Кан басымы түшүп, эски дарттары козголуп жатат. Ооруканага кечээ, 24-июнда алып келгенбиз,
качан чыгары белгисиз”,- деди ал.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















