super.kg logo

Күйөөмдөн кордук көрдүм деген келин: "Күйөөмдүн токмогунан тажап ажырашайын десем, бензин чачып өрттөйм деп коркутат"

 

"Жолдошум мас болуп келгенде мага кол көтөрчү. Бир жолу короодогу баламды жетелеп кетип, "бул менин балам эмес, бул балага жин кирип кеткен. Мындайларды өрттөп салыш керек" деп 3 жарым жаштагы баламды кордоптур", - дейт күйөөм тарабынан кордук көрдүм деген Мээрим Өмүрбекова.

Мээрим Өмүрбекова эки ирет турмуш курган. Биринчи жолдошу менен бир кыздуу болгондон кийин ажырашып кеткенден кийин азыркы жолдошуна турмушка чыккан. Бул жолдошу менен 6 жылдан бери жашап, бул жылдар аралыгында өзү эле эмес, баласы дагы күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып келгенин SUPER.KG порталына айтып берди.

"Кызым таенесинин колунда. Азыркы жолдошум Нарындын Миң-Куш деген айылынан. Ага 2012-жылы турмушка чыккам. Бир айдан кийин эле жолдошум ичип келип себепсиз кол көтөрө баштады. "Сени кетириш керек. Сага адашып үйлөнүп алыптырмын" дей берчү болду. Бирок соолукканда "мас болуп билбей калыптырмын, кечирип койчу" деп кечирим сурайт. Жаңы турмуш курганда кайнагам, абысыным дагы биз менен чогуу жашачу. Инисинин ичип, чатак салганын көрүп "ичпейм дебедиң беле, токтот" деп калды. 3-4 ай ичпей жакшы эле жүргөн. Огород сугарам деп чыгып кетип огородго суу салбай эле ичип келиптир. Сыртынан сыр билгизбей жүргөнүнөн күрөктү сыртка койбой киргизип койбосуңбу деп калдым. "Сен мага акыл үйрөтүп калдың беле" деп күрөк менен бутума уруп калды. Кош бойлуу элем. Таң атканча жээрип, коркутуп отурду. Соолуга түшкөндө эле "билбей калыптырмын" деп чыга келет. Өзүм мектепте мугалим болуп иштейм. Жаңы окуу жылы башталып жумушка чыктым. Анда деле ичип келип "директор менен ойноп жүрөсүңбү же дене тарбиядан сабак берген мугалим мененби?" деп чаң салды. Ошентип төрөгөнгө чейин ызылдашып жашап жүрдүк", - дейт ал.

Анын төрөттөн кийинки жашоосу тозокко айланган. Анткени наристеси 3 күндөн кийин чарчап калган. Ал эми күйөөсү аны бала төрөй албайсың деп кордогон.

"Толгоом оор болуп, кесарево жолу менен төрөгөм. Ымыркайым 3 күндөн кийин чарчап калды. Бул окуядан кийин күйөөм 2 ай ичпей жүрдү. Бир күнү тоого малга барып келем деп кетип, ал жактан ичип келди. Ал ичкен күнү үйдө тынчтык жок. "Сен соо бала дагы төрөй албайсың. Бала тууй албаган эмне деген катынсың?" дейт. Кетип калайын десем, эч жакка чыгарбай кайтарып алат. Жолдошум жокто кетип калайын десем, биздин айылда маршруттук каттам бир эле жолу жүрөт", - деп кошумчалады.

Экинчи ирет кош бойлуу болгондо ур-токмогу азайганын, бирок ичип келгенде коркутуу болгонун билдирди.

"Кайрадан кош бойлуу болгонумда мурдагыдай көп токмоктобой калды. Бирок сен бул баланы дагы өлтүрүп саласың" деп жемелей берди. Анын үстүнө боюмдан түшүп калуу коркунучу бар болчу. Декреттик өргүүгө эртерээк чыккандан кийин Караколго төркүнүмө кетип калдым. Ызы-чуудан кулагым тынчып, төрөтүм дагы жеңил болду. Жолдошум январдын аягында келип алып кетти. 1 айдан кийин мектептеги жумушума чыктым. Бирок катуу ооруп, ооруканага барсам, өпкөмө суу толуп калыптыр. Бишкекте 2 ай дарыландым. Жолдошум баламды карап айылда болду. Анда дагы "сен дарыгерлер менен соо эмессиң, болбосо ооруканада неге мынча көп убакыт жатып аласың" дегенинен толук дарыланбай чыгып кеттим".

Баласы 9 айлык болуп калганда баягы оорусу дагы козголгон. Бишкекке келип дарылана баштаганда күйөөсү үйгө бир жолу келип кет деп, келгенде сабап салганын айтты.

"Мени ургандан кийин өкүл апамдын үйнө качып барып, эртеси кокту менен чыгып, маршруткага отуруп төркүнүмө кетип калдым. Балам үчүн кайра келсем "балаңды баккан жоксуң, биз бала багып куурадык" дейт. Бычак кезеп, көсөөнү ысытып алып денеңе басып таштайм деп коркутат. "Көрүнгөн эркек менен жүрүп кеттиң" деп кофтамдын жеңи менен муунтат. Көзүм аңтарылып өлөйүн деп калганда коё берет. Айлам кетип Чаектин милиция кызматкерлерин чакыргам. Алар келип жолдошум менен өзүнчө сүйлөшүп "болду сага кол көтөрбөйт, эгер бирдеме десе, бизди кайра чакыр" деп кетип калышты. Бир күнү окуу жылы аяктап, мектептен келсем, топ тепкендей кылып эле тепкилеп салды. Милицияларга өзү чалып "аялымды сабап жатам, келбейсиңерби" деп кекетип сүйлөдү. Мени урганда дайыма баламды кайненеме же кайнатама карматып башка бөлмөгө киргизип койчу. Алар арачага түшсө аларды үйдөн кууп, сыртка сүйрөп чыгат. Алар сыртта калып, эшикти каккылап, үйгө киргизип койчу деп суранышат", - дейт ал.

Ушунча кордуктан кийин Мээрим Өмүрбекова төркүнүнө кетип калган. Күйөөсү артынан Караколго барып, батирде 2-3 ай жакшы турмуш өткөрүп баштаган. Бирок ичкилигин токтотпой баласын өрттөйм деп чыккан.

"Караколго келгенден кийин деле ичип жүрдү. Кет десем, "мага ушул жак жакты" деп болбойт. Жашообуз болбойт экен деп апамдыкына кетип калдым. Мен жумушка кеткенде короодо ойноп жаткан баламды ээрчитип кетиптир. Мейли кантсе да атасы, кичинесинен баккан, уулуна жамандыгы жок деп ойлодум. Эртеси күнү телефон чалып "Балабызга жин кирип кетти, денесинин баары кызарып чыкты. Мечитке алып барып дем салдырыш керек" деп калды. Денесинин кызарганы ал таттууну көп жегенден экен. Күйөөмө баламды мага алып кел дедим. Келгенде баламдын денеси муздай болуп калыптыр, катуу үшүп калган окшойт. Дароо эле жылуу ороп жаткырып койдум. Эртеси аллергияга каршы дары-дармектерди алып келип, апама табыштап өзүм жумушка кеттим. Балам бат эле өзүнө келди. Бир күнү батирдин ээси чалып "күйөөң ичет экен, батирди бошоткула" деди. Эртеси барсам бир кошуна эже чыгып "Сен балаңды күйөөңө таштап койгон кандай таш боор энесиң!? Кечээ жолдошуң мас болуп алып "Бул менин балам эмес. Менин балам үйдө, уктап жатат. А бул балага жин кирип кеткен. Мындайларды азыр эле өрттөп салыш керек. Бул бала чума болуп ооруп калган. Качкыла, жолобогула, силерге да жугуп калат. Бул баланы өрттөп, жок кылыш керек" деп эч кимибиздин сөзүбүздү укпай койду. Баланын апасын уруп же өлтүрүп алган окшойт деп бактардын түбүн карап чыктым. Балаң "ата" деп кыйырганда жолдошуң эсине келип, баланы кучактап отуруп калды" дейт кошуна эже. Муну уккандан кийин үйгө келерим менен баламдын денесин карап, сүрөткө тартып алдым. Бирок эч нерсе болбоптур", - дейт ал.

Өмүрбекованын айтуусунда, күйөөсү аны "сен мени күч күйөө кылдың" деп көпчүлүктүн көзүнчө деле кол көтөрүп, тепкилейт. Мындан улам ал Караколдогу укук коргоо органдарына кайрылып, арыз жазган. Учурда ал күйөөсү менен ажырашуу үчүн документ чогултуп жатат. Бирок жолдошу "мени менен ажырашсаң, балага алимент төлөбөйм. Сени бензин чачып өрттөп кетем" деп коркутканын айтты.

SUPER.KG порталы Өмүрбекованын жолдошу менен байланышуу аракетин көрүүдө. Экинчи тараптын пикирин угуп, жарыялоого даярбыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
12.06.2018. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кантип оз баласын ортоп салгыла деп айтат? Соо адам ошентип айтабы? Эмне деген эле окуялар болуп жатат
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-13 10:59:44
12.06.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Эмнеге аялдар кайра кайра кечире бересинер 3 жолу кечиргенден кийин калганы ашыкчаго дейм дайынынарды таптырбай качып кеткилечи балдарга эле убал кылып атасынар
12.06.2018. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Ma9,аялдар ушинтип оздорунун кадырын кетиришип ататта. Бир кечир, эки кечир андан кийин кет дарегинди билдирбей. Баландыда, озундуда кор кылбай туурабы?
12.06.2018. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ажыраш, ал омур бою онолбойт, олгончо сага кол которгонун токтотпойт. Катуу туруп ажырашып, дарегинди озгорт. Анан мен кечирдим, баратурган жерим жок деп чыкпай сен дагы эки кундон кийин.
12.06.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аялга кол которгон эркек эркек эмес омуру жарыбайсын мындай кыла берсен акмак десе
12.06.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бензин чачам деди, муунтам деди анан каякка барсан таап алам деди-деп кайра жашай беришет, ээй ушундай «тупой» шылтоонорду токтоткулачы!!! Селердин ушундай слабый-тупой экенинерди билип, сырынарды алып алып ушунтип коркута берет, ал макоо эр соройунор. Чын-чынына келгенде колунан эч нерсе келбейт, дарегинди озгортуп кетип калсан. Же жан талашып арыз жазып, укугунарды коргогула! Жон эле токмок жеп, анан кечирдим деп журобербей. Аялдардын кор болгону ал оздорунон эле, укуктарын коргой алышпайт.
12.06.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Ажрашпай эле жашай бер куйонун санын кобойтпой бир аз чыдап кой корчу нерсени коруптурсун эми кийин карыганда очунду аласын да)))
12.06.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Озуно жин кирип кеткен го!!!!Тезинен молдого алпарып,бир нерсе кылыш керек.Болбосо олтуруп коет бироо жарымды
12.06.2018. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Балдарды да мусаапыр кылбай,баланын аз кезинде ажырашуу керек,бала кобойсо,балага да бацланы калып кетет,андай куйоонун барынан жогу артык.Бир тууган же жки бир тууган эркек туугандары жок бекен куйоо болмуш менен эркекче суйлошуп койгонго.
13.06.2018. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жогорку билимдүү мугалим болсоң, бир чала сабат кыздын кылыгын кыласың да карындаш. Бала чоңойот, эр табылаар.
13.06.2018. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мен бул аялдын озуно тан калып атам.чын эле баласын таштап коюп журо берген неме экен жумушу дуйнону сактап кала тургансып жумушунале кете берет экен.баласы ооруп атса даары ичирип жумушуна кететмиш.Жумуш пул олсун.балачы баланы карабай не кылып журосун
13.06.2018. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турмуш кургандан кийин 1айдан кийин кол көтөрсө ошол жерден эле чоооң точка коюш кк эле,1-бала чарчап калганда тем более точканын дагы чоңунан коюп ал мн жашоону токтотуш кк эле.Чын эле жаныңарга азап берип атса неге кайра кайра кечире бересиңер таңмын да мен.
13.06.2018. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaira ele aialdardy kunoolopsunor
. Ajyrashsa erkektin sanyn koboitup je bala m.n bashka kuioogo tiibei ele koiboit belen deisiner chydasa ozu kunooluu deisiner erkekter kachan kunooluu bolosubar
13.06.2018. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
чужая семья темный лес!!!
Эрди катын урушат- эси кеткен болушат
13.06.2018. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул эженин документтери толук болсо, башка мамлекетке кеткенге макул болсо атам апам менен суйлошуп, алып келет элек.
13.06.2018. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындайларды синдром стокгольма деп айтып койот. Кетккин келсе бир айдан кийин эле кетмексин. Демек сага ушундай жашоо жагат. Шылтоолорду айтканына караганда, кеткин келген жок. Болбосо жол болсода кетип калмаксын. Озунон кор, болгону баланды бага албасан убактылуу детдомго берип кой. Болбосо психикасы бузулуп, коркоок болуп калат.
13.06.2018. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zaina,туура айтасын
13.06.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын окуясы кандай болгонун билбейм,бирок эми чекесинен чертип койсо эле эми башкалары да чыга беришет гезит,интернетке. Мода болуп калбадыбы. Азыркы жаштар тем более ойлору,кыялдары асмандын башында. Акча деген саман болуш керек,атактуу болуш керек иши кылып керектери толтура. Ошондой акча,байлыкты чогуу топтойлу деген ойлору,аракеттери жок. Оз денгеелдери копчулугу билбейт. Чукулдашып кетип эле ажырашып кетишет. Эки жакты бир тактап туруп анан элге алып чыгышса ушуга окшогон нерселерди.
13.06.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Антпесе дайыма бир тарабы куноолуу болуп кала берет. Чын-бышыгын аныктабай эле.
13.06.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай адамдардын ХХХХХХХХХХ Оңолбойт булар.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-14 13:05:35
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: