super.kg logo
  Саясат  

Юрист Канатбек Азиз: "Коррупция менен күрөш жана сот реформасы бирдей жүрүшү керек"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик мекемелерде коррупцияга каршы күрөш жыргатарлык эмес жүрүп жатканын белгилеген. Мындан улам судьялыкка талапкерлердин декларацияларын дыкат текшерүү керектигин жана соттук реформаны тездетүүнү айтып, бул маселе жеке көзөмөлүндө болорун убадалаган.

Буга байланыштуу түзүлгөн SUPER.KG порталынын "Сот системин реформалабай туруп коррупция менен күрөшүү мүмкүнбү?" деген соболуна юрист Канатбек Азиздин жообу төмөнкүдөй болду.

Юрист сот реформасы жана коррупция менен күрөшүү тең кетсе, ошондо жыйынтык болот деген ойдо.

"Учурдагы коррупция менен күрөштүн аткарылышы сот реформасынан көз каранды болот. Мисалы, бир адам коррупция менен кармалып, бирок иш аягына чыкпаса, реформа жок деп эле эсептесе болот.

Азыркы учурда сот реформасы менен коррупция менен күрөшүү бир багытта тең кетиши керек. Коррупция менен күрөшүү деп туруп соттун чечими такыр тескери чыгып калса, анда бул бир тыйындык нерсе болуп калат. Коомдогу алдыга жылыш, тазалануу коррупция менен күрөш жана сот реформасы бирдей иштеп баштаганда болот", - деди Азиз.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, журналист Семетей Талас уулу жана юрист Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: