super.kg logo

Финпол: "Чет элдик 50 студент алдандык деп кайрылды. Алар окуу үчүн 2 миң 900 доллардан төлөп турган"

 

Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын бири 2 миң 900 доллардан төлөгөн 50дөн ашык чет элдик студентти окуудан чыгарып койгон. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, элүүдөн ашык чет элдик студент мыйзамсыз каражатты ээлеп алуу боюнча арызы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылышкан. Студенттер өз арыздарында 2017-жылдын сентябрынан баштап ар бири окуу акысына 2 миң 900 доллардан төлөгөнүн, бирок аныктаган эч кандай документтерди бербегенин, ал каражаттар кассага катталбаганын жазышкан. Натыйжада студенттер окуу акысын төлөбөдү деп окуу жайдан чыгарылганын белгилешкен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, аталган окуяга тиешеси бар мугалимдерди аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта. Ошондой эле тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн окуу жайдын аты азырынча айтылбай тургандыгы белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
12.06.2018. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тиешеси бар акча жегичтерди камагыла
12.06.2018. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уятта э
12.06.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чонунан кичинесине чейин ак уйдон туалетке чейин корупция болуп калды келечек кандай болот билбейм
12.06.2018. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Медицинская Академия болсо керек . Индустар менен Пакистандыктар коп окушат , мурун эле коп кордошчу биздин преподователдер , пара коп алып алардан . Корупциянын баары КГМА да болсо керек четолдук студертерге карата . Билимди кучтуу берет деп келип окушпайт алар бизге , акча менен оной бутурсо болот деп келип окушат .
12.06.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Медфак болсо керек менимче ошол окуу жайда чет элдиктер коп.
13.06.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет мамлекеттегилерге да уят эми,ал жакка да балдарыбыз окугудай болуш керек.Бир жаман адам,кыргыздын баарына тил тийгизет.Онолгулачы кичине уялбай кыргызстандан келдик деп кайсыл олко болсо барып дем алып келели.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: