Рамзан Кадыровдун футболчу Мохаммед Салах менен эл алдына чыгуусу кескин сынга алынды

Рамзан Кадыровдун футболчу Мохаммед Салах менен эл алдына чыгуусу кескин сынга алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Египет курама командасынын чабуулчусу Мохаммед Салах эс алып жаткан учурда ага Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыров келгенин жана ал аны күтүп жатканын билдиришкен. Андан соң өлкө башчысы учурда жылдызы жанып турган чабуулчуну аны стадионго коштоп барууну өтүнгөн. Футбол боюнча ал менен бирге африкалык курама команда миңдеген күйөрмандардын коштоосунда ачык машыгуу өткөрүп жаткан стадионго бирге чыгып, күйөрмандар менен жолуккан.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар Рамзан Кадыров мындай кадам менен өзүн жарнамалагысы келгенин айтып, эс алып жаткан Салахтын тынчын алганын сынга алышкан.
Айта кетсек, Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешинде "Реал Мадрид" жана "Ливерпуль" командалары кез келген. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө англиялык клубдун чабуулчусу Мохаммед Салах ийининен жаракат алган. Буга карабастан чабуулчу өз өлкөсүнүн улуттук командасынын курамында Дүйнө чемпиондугуна келген.

Экинчиден Рамзандын кайсы авторитетин айтып жатасын?!! Аны постсоветтик олколордо гана тааныйт жана диний фанаттар кумир тутат. Башкалар Рамзандын ким экенин билбейт дагы...
Орустар болсо Рамзанды Путиндин ХХХХХХХХХХХХ
Мисалы Путин христиан, аны менен толтура спортчулар учурашат. Эмнеге анда христиан менен христиан учурашты деп жазбайсынар?!! Путин менен Емельяненко, Ван Дам, Усейин Болт, Шарапова, Месси, Роналду ж.б.дуйнолук спортчулар учурашса, эч ким андан динди издебейт го?!!
Болбосо футбол Чечняда отуп жатпаган сон, Екатеринбургда Рамзандын эмне иши бар?!!
Рамзанды постсоветтик олко тургундары тааныйт, башка ким тааныйт?!!
Рамзан Салах менен сиадионго барып эл козуно корунбосо, дуйнолук СМИ Рамзан жонундо жазып чыкпаса, Рамзан Салахка кол берип учурашууга олуп кетсе да бармак эмес...
Рамзан озун рекламалагысы келди, дуйнолук СМИ окулдору чогулуп калганынан пайдаланып... Муну сокур да коруп турат, диний фанаттар гана корбошу мумкун.....