super.kg logo
  Спорт  

"Реал Мадрид" жаңы машыктыруучусунун атын атады

 

Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубу жаңы машыктыруучусун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эми дүйнөнүн атактуу командаларынын бири "Реал Мадридди" испаниялык адис Хулен Лопотеги башкармакчы. Азыркы тапта Лопотеги Испаниянын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болгондуктан жаңы командасына футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталган соң барат.

Айта кетсек, Хулен Лопотеги 22-майда Испания курама командасы менен келишимин 2020-жылга чейин узарткан. Бул келишимди бузган үчүн "Реал Мадрид" футболдук клубу Испания футбол федерациясына 2 миллион евро төлөп бермекчи.

Хулен Лопотеги буга чейин "Райо Вальекано", "Реал Мадрид В", "Порту" командаларын, Испаниянын улуттук курама командасын жана U-19, U-20, U-21 жаштар курама командаларын машыктырып келген.

Эске салсак, 27-майга караган түнү испаниялык "Реал Мадрид" Европадагы футбол боюнча эң беделдүү лига - Чемпиондор Лигасын жеңип алган. Чемпиондукту 3-ирет камсыздаган соң, "Реалдын" башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан кызматынан кетүү чечимин кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
13.06.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зидан эмнеге кетти? Срочно пресс конференция кылып туруп эле кетип калды го..
13.06.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Pchelka85,Зидан акылы толук, адам топтолгон авторитетин сактап дагы коп жыл авторитет болуп журойун деп кетти. Анткени 2018-2019 жылкы сезондо лига чемпионовду ута алабы же жокпу эч ким билбейт. А буга чейин реал эч убакта 3 жыл катары менен ЛЧ уткан эмес.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-13 11:39:53
13.06.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
okumushtuu,Реал утту, башка командалар 2 жолу да уткан эмес.
13.06.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
okumushtuu,
Футбол туралуу жакшы билбейт экенсин Реал 5 жолу катары менен уткан ЛЧ
13.06.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ArgenMers,Ал убакта ЛЧ эмес болчу.бул кубоктун аты өзгөртүлүп ЛЧ болгондон кийин 3 жолу утуп атат.жылын так эстей албай но 90-жылдарда өзгөргөн.катуу тийсе үзүр
13.06.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Pchelka85,Жайкы трансфер боюнча Перес экоонун ою дал келбей,ошон учун кетти.Бирок Лопотеги да кутуусуз болду,башка тренерлердин аты аталып журуп,жок жерден сразу шайланып калганына копчулук элдер тан калып отурат!
Dembele84 түзөттү 2018-06-13 11:20:46
13.06.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишинизге ийгилик Лопотеги мырза.Дуйнону дунгуроткон Реалды дагы далай чемпиондуктарды багынтыныз.
13.06.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Azat.97, Бул тренер Барселонанын катардагы оюнчусу болгон экен бир кезде.
nemo2016 түзөттү 2018-06-13 12:31:55
13.06.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик поздравляю. главное трофейлерди утушун менен
13.06.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маладес
13.06.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акжолтой тренер болсун,бизди бироолоого уят кыла корбо.
Аты дагы эркекче экен Хулен деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: