super.kg logo
  Спорт  

Мекендешибиз Арген Эмилбеков Орусияда өтүп жаткан "Футбол - достук үчүн" эл аралык долбооруна катышты

 

Кечээ, 12-июнда Орусиянын Москва шаарында "Футбол - достук үчүн" эл аралык долбоорунун мини-футбол боюнча мелдеши орун алды. Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн атынан Арген Эмилбеков катышып, өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын директорунун орун басары Мейирхан Аманбеков билдирди.

Анын айтымында, Арген Эмилбеков "Жираф Ротшильда" аттуу курама командасына кирип, Азербайжан, Коста-Рика, Сент-Люсия, Лаос, Камор аралдарынын жаш спортчулары менен бирге ойноду.

Алтынчы ирет өтүп жаткан мелдеште 192 жаш спортчудан 32 команда түзүлүп, 8 тайпага бөлүнгөн. Арген Эмилбековдун "Жираф Ротшильда" командасы "С" тайпасына туш келип, "Трёхпалый ленивец", "Шимпанзе" жана "Королевская кобра" командалары менен беттешти.

"Жираф Ротшильда" командасы алгачкы беттешинде "Трехпалый ленивец" командасынан 2:0 эсебинде жеңилүү ызасын тарса, экинчи беттеште "Шимпанзе" командасы менен күч сынашып, 4:4 эсебинде тең чыгышты. 3-беттеште "Жираф Ротшильда" командасы кайрадан 2:0 эсебинде "Королевская кобра" командасынан утулуп калып, жарым чейрек финалга өтө албай калды.

Эске салсак, Кыргыз өлкөсү алгачкы жолу бул долбоорго 2016-жылы катышкан, анда бишкектик "Дордойдун" оюнчулары Италиянын Милан шаарына барышкан. Ал эми 2017-жылы долбоорго Мектеп лигасынын мыкты оюнчусу Улан Дүйшөнкулов катышып, Санкт-Петербург шаарына барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: