super.kg logo

Боронов: "Өлкөдө автоунаалардын саны нормадан ашып кеткен"

 

Өлкөдө 2017-жылы автоунааны катуу ылдамдыкта айдап, жол кырсыгынан 337 адам көз жумган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында өкмөттүк саат учурунда айтылды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, өлкөдө автоунаалардын саны нормадан ашып кеткен.

"Акыркы 10 жылда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 2 эсеге көбөйгөн. 2017-жылы 907 адам каза болгон. Катуу ылдамдыкта айдоодон улам 337 адам көз жумса, каршы тилкеге чыгуудан улам 124 адам жашоо менен коштошкон.

Ошондой эле спирт ичимдиктерин колдонгон абалда да жол кырсыгына көп жаран кабылып, андан 58 адам каза болгон. Республикадагы жол кырсыктарынын 57,1 пайызы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жолдорунда катталган. Өлкөдө 616 жол чырак объектиси бар. 2017-жылы жол эрежесин бузуудан салынган айып пул 386 миллион сомго жетти", - деди Боронов.

Учурда Жогорку Кеңеште жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча өкмөттүн көрүп жаткан чаралары тааныштырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.06.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пара алып жаткан гаилердики 400миллионго жетти деп койбойбу сразу жазыш керекда,унутуп калганго
13.06.2018. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нормадан ашса эмне болуптур?Шылтоонорду эми унаалардын коптугуно турдуп жатасынарбы?Андан кору паракорчулукту токтотсонор олкодо унаанын саны 5 миллиондон ашса дагы мынчалык кырсык болмок эмес.Колунардан келбейт дагы анан унааларга шылтаганынарга куйосун киши.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-13 16:09:03
13.06.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне Боронов келип кырсыка учуратып атабы? бироону куноолодон алдын ар бир адам ойдонсо. Ошол кырсыка кабылган айдоочулар эрежени сактап айдашса ошондой болмок эмес. Мисалы сен катуу айдап барып куурап калган даракты сузуп алсан да чондор куноолуу болобу?
13.06.2018. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bessmertiy,ошол куураган даракты убагында алып ташташ керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: