super.kg logo

30 жаштагы депутат Акылбек Жамангулов энергетика боюнча комитет төрагалыгына сунушталды

 

Акылбек ЖамангуловЖогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясы депутат Акылбек Жамангуловдун талапкерлигин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына сунуштады.

Аталган маалыматты SUPER.KG порталына фракция лидери Жыргалбек Турускулов тастыктады.

Анын айтымында, аталган сунуш премьер-министрге өткөн жумада жиберилген. "Акылбек Жамангуловдун талапкерлигин көрсөттүк. Акыркы учурларда аталган комитеттин төрагасы Уланбек Рыскуловго көптөгөн сындар айтылып жаткан", - деди Турускулов.

Уланбек РыскуловАкылбек Жамангулов жакында эле Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин иликтөө жана модернизациялоого кеткен каражаттын иштетилишинин максаттуулугун аныктоо максатында түзүлгөн депутаттык комиссияга мүчө болгон. Аталган маселеде өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, ЖЭБ боюнча бир нече жагдайларды ачыктаганга көмөктөшкөн.

Акылбек Жамангулов 1988-жылдын 24-октябрында Чүй облусунда туулган.

2011-жылы "Каржы жана насыя" адистиги боюнча Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүргөн.

2014-жылы Дипломатиялык академияда "Эл аралык мамилелер" боюнча адистикке ээ болгон.

2014-жылы "Юриспруденция" адистиги боюнча мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгүн 2003-жылы Балыкчы шаарындагы “Көк-Ойрок” Балыкчы ликер-арак заводунда” адис болуп иштөөдөн баштаган.

2005-2015-жылга чейин жеке компанияларда катардагы адистен башкы директорлук кызматка чейин иштеп келген.

2015-жылы “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү. Бир баланын атасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.06.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
энергетика, оноржай жана кен байлыктар жонундо тушунугу жок бироону бакандай бир комитеттеин торагалыгына сунуштап "жакшы" иш кылыпсынар. Мунунар арак чыгаргандан башка тажрыйбасы деле жок экен. Же Кыргызстанда тажрыйбалуу иш билги адистер калбай калыптырбы.
13.06.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо, 15 жашында ликер-арак заводунда адис болуп иштеп баштагынбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: