Мас айдоочуларга 100 миң сом айып пул салуу сунушталды. Учурда айып пул 20 миң сом
"Мас абалында жол эрежесин бузгандарга айып пулду жогорулатуу керек". Мындай сунушту Жогорку Кеңештин 13-июнундагы жыйынында депутат Данияр Аттокуров айтты.
Эл өкүлү мас абалында жол эрежесин бузгандарга канча айып пул салынарын сурады. Тийиштүү аткаминер "айдоочу мас абалында кырсыкка кабылса, 20 миң сом айып пул салынат" деди.
"Башка мамлекеттерде мас абалында унаа айдап, жол эрежесин бузгандарга айып пул өтө жогору экен. Айрым өлкөлөрдө 3 миң доллар салат. Биз да жок дегенде 100 миң сомдон баштасак. Ушуну ойлонуп мыйзам долбоор даярдап алып келсеңиздер. Биз колдоп берели", - деди Аттакуров.
Учурда парламентте өкмөттүк саат болуп жатат. Анда жол кыймылынын коопсуздугу жана "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу талкууланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Bekovich76

13.06.2018. 12:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эээн туура сунуш 100 мин сом жана унааны конфискация кылып 2 жылга айдоочулук куболуктон ажыратыш кк
Nurtilek82

13.06.2018. 12:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
100 мин эмес паракор МАИлерден арылгылачы
nurbek56

13.06.2018. 12:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
нак ошондо коросунор корупцияны 100.мин эмес гайилер 50.минден шакылдатып санап алат куруттай кылып
tttalant

13.06.2018. 15:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
100-мин жакшы ичкендерге
n.zhanikulov

13.06.2018. 22:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул гаилердин калтурасы болоткенда
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.