super.kg logo
  Саясат  

Жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышууда

 

Депутат Айнуру Алтыбаеванын демилгеси менен республика аймагындагы жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышууда. Бул иш-чара жергиликтүү кеңештер менен кыргыз парламентинин ортосундагы карым-катнашты өнүктүрүүнү, иш-тажрыйба алмашууну көздөйт. Бүгүн, 25-июнда алар ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитети, Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети, Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйындарына катышып, мыйзам долбоорлорунун жана башка маселелердин парламенттик комитеттерде кароо процесси менен таанышышты. Эртең, 26-июнда айым депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүнө байкоо жүргүзүп, депутаттар менен пикир алышышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: