super.kg logo

Ноокатта эки унаа кагылышып, 6 жаштагы бала менен бирге чыга элек ымыркай жабыркады

 

Ноокатта эки унаа кагылышып, бир өспүрүм жана ымыркай бала жабыркады. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Окуя 11-июнь күнү Ош-Исфана жолунда катталган.

Кадамжай районунун 1996-жылы туулган тургуну К.Д.нын башкаруусундагы Mazda 323 үлгүсүндөгү автоунаа менен Ноокат районунун 1970-жылы туулган тургуну А.С. аттуу айдоочунун башкаруусундагы Нonda Accord үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Натыйжада Мазда 323 үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги 6 жаштагы А.Ж. аттуу жүргүнчүсү жана 2018-жылы туулган А.С. аттуу ымыркай денесинен жаракат алып Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген”, - деди маалымат катчы.

Учурда эки унаага тең автотехэкспертиза дайындалып, алар Ноокат районундагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн убактылуу айып короосуна токтотулганы айтылат. Учурда бул факт боюнча тергөө иши жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.06.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жараткан өзү балдарды сактаптыр андан ары да Ден-соолуктары бекем өмүрлөрү узуун болсун! Эки шропурду ушуларга окшогон шалаакылык шрпурларды мындан ары рульга эмес эшек арабага отуруп башкаргыла деш керек!
13.06.2018. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айып аянтка токтоткондон коро жолду ондобойбу бир машина аран батат ноокат-Кызыл-кыя жолу уят эле каждый метр яма таксистерге рахмат окмотко наалат уялбай дагы машинанын налогун сурайт налогту алдынбы жолду ондо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: