super.kg logo

Бүгүн шаардык сотто Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы каралат

 

Бүгүн, 13-июнда саат 17:00дө Бишкек шаардык сотунда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимине айыпталуучунун тарапташтары нааразы болуп, 7-июнда жактоочусу Учкун Каримов райондук соттун чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко арыз жазган.

Эске салсак, Исаковго 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Айта кетсек, 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Буга чейин 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
13.06.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер жесе камап чыгарбагыла
Атаңар чыгар десе койо бербегиле
Орозодо ак иштегиле...
13.06.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сапар камалыш керек. Атасын кошуп камаш керек
13.06.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгер күнөлүү болсо билип туруп чыгарып салсаңар анда азыркы бийлик кечеги Атамбаевдин башкаруусунан айырмасы жок кайра эле Атамбаев башкаргандай болот! Силер ошондо корупция менен күрөшпөй эле наборот коррупцияга жол ачып берген болосуңар!Бул киши жумуштан куулган да бир передача да мен тарых музейге куратор болгом деп толкунданып жылмайып айткан эле ТЭЦ күнөөсү бар үчүн камалды да!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-06-13 14:04:03
13.06.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жээнбеков мурда озу чогу иштеп келген адамдарды коррупциянер кылып коргозуп алардан эптеп кутулуш керек болуп жатат. Сапардын таасиринен кутулуу максатында каматып салды. Эгер Атамбаевдин таасири болбогондо Жээнбеков президент боло алмак эмес. Эми минтип коррупцияга шылтап досун сатып кетти.
13.06.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iryi1,досу акмак эл ырыскысын жеген арамза болсо сатып кеткени эн туура чечим. Кандаш,бир боор элди,туз таткан,топурагы алтын жерди сатпаса болду.
Mederbek0811 түзөттү 2018-06-13 16:13:59
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: