Бишкекте кадыр түн тосуп эки башка мечиттен чыккан балдарынын ортосунда жаңжал чыккан
Бишкекте кадыр түн тосуп мечиттен чыккан топ балдардын ортосунда жаңжал чыккан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.
Маалыматка караганда, 12-июнда кадыр түн тосуп мечиттен чыккан балдар башка мечиттен чыккан балдар менен жаңжалдаша кетишкен.
"Бизге түнкү саат 3:00дө Көк-Жар аймагында балдар урушуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Биздин кызматкерлер барып, массалык мушташтын алдын алуу иштерин жүргүзүп, урушту токтотушкан", - деди Оморов.
Ал кошумчалагандай, окуя болгон жерде 15 бала кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген, алардын ичинен 12 бала мектеп окуучусу болгон. Кармалгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине өткөрүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Динге берилбей эле туз жургон балдар кыздар коп. Молдолор деле журот го тамеки чегип, ичип, сокулук кылып. Кээп анда эмес. Азыр динге кирип алышып жаштарга динден башкасынын баары коздоруно жаман корунуп калып жатат. Ошол коркунучтуу туудурат.