super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча жумушту тездетүү керектигин айтты

 

Бүгүн, 13-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда шайлоо системин реформалоо жана өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын мындан ары жакшыртуу боюнча милдеттери талкууланды. Нуржан Шайлдабекова Сооронбай Жээнбековго шайлоо системин жакшыртуу боюнча жумушчу топтун ишинин арадагы жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

"Жумушчу топтун топчолорунун отурумдарынын жыйынтыктары менен Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга шайлоо жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу стратегиясынын долбоорунун миссиясы, көз карашы, көйгөйлөрү жана стратегиялык максаттары иштелип чыккан", - дейт Шайлдабекова.

Шайлдабекова стратегиянын долбоору бардык аймактарда талкууланганын, июндун аягына чейин коомдук талкууга коюларын белгиледи. Андан кийин долбоор өлкөнүн Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин кароосуна киргизиле турганын айтты.

Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча жумушту ыкчамдатууга басым жасап, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу коркунучтарын азайтып, элдин шайлоого болгон ишенимин жогорулаткан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экендигин белгиледи.

"Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү алдын ала, кийинки шайлоого чейин киргизип, шайлоого катышуучуларга түшүндүрүү зарыл. Партиялар жана шайлоочулар аны менен кылдат таанышып чыгып, шайлоого пландуу даярдана башташы керек. Бул элдин шайлоо системине карата ишенимин калыптандырат", - деп белгиледи президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: