super.kg logo
  Саясат  

Депутат Төрөбай Зулпукаров: "Жол коопсуздугу боюнча бир гана видеобайкоолорго ишенбеш керек"

 

"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашса, жол кырсыктары азаябы деген суроонун негизинде SUPER.KG порталынын соболуна КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров жооп берди.

Ал аталган долбоор ишке ашса, жол кырсыктары азаят деген үмүтү бар экенин белгиледи.

"Эгерде жол кырсыгы азайбаса, аталган долбоорду ишке ашыруунун эмне кереги бар? Бирок бир гана видеобайкоолорго ишенбеш керек. Ички иштер министрлиги да иш алып барышы керек. Аталган министрликтин акыркы реформалары туура эмес болуп калган. Жол коопсуздук кызматынын аттарын өзгөрткөн.

Бизде 10 жылдын ичинде жол кырсыгынан өтө көп адам каза болгон. Ошондуктан видеобайкоо орнотуунун талаптары күчөп кетти. 2004-2014-жылга чейин 10 миң 167 адам каза болуп, 61 миң 500 адам жаракат алган. Башкача айтканда, согуш учурунда дагы мындай болгон эмес. "Коопсуз шаар" долбоору керек", - деди Зулпукаров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Айсулуу Мамашова, жарандык активисттер Айбек Мырза, Калича Өмүралиева, Болот Ибрагимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: