super.kg logo

Адам өлүмүнө шектелип тергөө абагында отурган киши ишкерлерди коркутуп акча алуунун планын түзүп берип турган

 

Ички иштер министрлигинин Криминалдык кызматы ишкерлерден акча талап кылуу менен алектенген кылмыштуу топту ачыктады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, алар ишкерлерден айына 3 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча талап кылып турушкан.

"Май айынын ортосунда Чүй облусунун тургуну опузалап акча талап кылган топтун курмандыгы болгонун кабарланган. ИИМдин Криминалдык кызматы акча талап кылгандар уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта экенин аныкташкан. Алар тургундан денесине залал келтирүү жана ар кандай коркутуу жолу менен акча талап кылып келишкен. Мындай көрүнүш бир нече жылдан бери кайталанып келгени белгилүү болгон", - деп жазылат маалыматта.

Аталган иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинин 1-пунктуна (опузалоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында аталган кылмыш ишинин уюштуруучусун аныкташкан. Ал Чүй облусунун тургуну 1994-жылы туулган М.А. экени белгилүү болгон.

"Учурда кармалган адам СИЗОго киргизилген жана ал буга чейин Кемин районунун аймагында мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө катышы бар катары соттолгон. Ал камакта жаткан кезде ишкерлерден опузалоо жолу менен акча өндүрүүнү пландаштырган", - деп жазылат маалыматта.

ИИМдин Криминалдык кызматы менен СОБРдун кызматкерлери биргеликте Кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо максатында атайын операция жүргүзүп, Токмок шаарынын тургундары 1986-жылы туулган М.Ж.ны жана 1974-жылы туулган К.Э.ни кармашкан.

Кармалгандардын жанынан табылган акчалар жана буюмдар кылмыш иштерине далил катары алынган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.06.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арам Ириндер андан коро мандай тер менен акча таппайсынарбы .
Бул дуйнодо туболук жашачудай ойлосунарбы
13.06.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ойлом сизолорго жана турмолорго уйулдук байланышын иштетпей турган аппаратарды коюш керек. Олтуруп алып телефон менен ишты кылышат коркутуп урукутп .
14.06.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушулардын зыянынан Кудай сактасын, чындыгында коркосун озуно, уй булоно зыяны тиеби деп, баарына Кудайым ынсап, хидаят берсин!
14.06.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түрмөдө ар биринде бирден телефон.Телефонду ГСИН дин кызматкерлери беш он эсе кымбатка сатып бизнес калышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: