super.kg logo
  Саясат  

Депутат Кенжебек Бокоев: "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашса, айып пулдар чөнтөккө эмес, казынага түшөт"

 

"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашса, жол кырсыктары азаябы деген суроонун негизинде SUPER.KG порталынын соболуна "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев жооп берди.

Депутат аталган долбоор ишке ашса, жол кырсыгы азаят деген оюн айтты.

"Коопсуз шаар" долбоорун 2012-жылы Өмүрбек Бабановдун өкмөтү демилгелеп чыккан, бирок ал кызматтан кеткендигине байланыштуу программаны ишке ашыра албай калган. Менин оюмча, бул долбоор абдан керек, сөзсүз түрдө жол кырсыктары кыскарат. Мындан тышкары жол коопсуздук кызматкерлеринин санын кыскартса болот. Долбоор ишке ашса, жолдо пара алуу азаят. Бардык айып пулдар чөнтөккө эмес, казынага түшөт. Жолдо жүргөндө жөнөкөй айдоочу да, чоңдор да айып пулду бирдей төлөйт, анткени видеобайкоого "корочка" көрсөтө албайт", - деди Бокоев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Зарылбек Рысалиев, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Айсулуу Мамашова, жарандык активисттер Айбек Мырза, Калича Өмүралиева, Болот Ибрагимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: