super.kg logo

Күйүүчү майдын кымбатташынын себептери. Алдыда ага болгон баа кандай болот?

 

 

Акыркы 2 аптадан бери Кыргыз өлкөсүндөгү май куюучу жайлар күн сайын баалардын көрсөткүчүн өзгөртүп жатышат. Тилекке каршы, ал өзгөрүүлөр керектөөчүлөргө пайда алып келбейт. Күйүүчү майларга болгон баанын өсүүсү менен коомчулук ага абдан чоң маани берди, жадакалса мындан 3 жума мурун керектөөчүлөргө бул тууралуу эскертилгенин унутуп коюшту. Өлкөдөгү мунай рыногунда эмне болуп жатат жана алдыда эмнелерди күтсө болот деген суроолордун тегерегинде иликтеп көрөбүз.

Эмне болуп өттү?

2 апта аралыгында өлкөдө күйүүчү майдын баасы байкаларлык деңгээлге кымбаттады. 2 жума ичинде 2 сомго өстү. Жыйынтыгында, Бишкек шаарында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 44 сомдон, ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү бензин менен дизель 48 жана 45 сомго куюлууда.

Эмне үчүн мындай болду?

Иштин баары Орусиянын мунайды иштеп чыгарган заводдору анын дүң баасын дароо байкаларлык суммада көтөрүп жибергенинде болуп жатат. Өлкөгө кирген күйүүчү майдын басымдуу бөлүгү Орусиядан алынып келет. “Коммерсантъ” гезитинин маалыматына караганда, ушул жылдын башынан бери заводдордо күйүүчү майдын дүң баасы 30 пайызга чейин өскөн. Ал эми Орусиядагы президенттик шайлоодон кийин мунайдын чекене баасы да өсүп кетти.

Бирок маселе бул менен эле чектелбейт. Күйүүчү майга болгон баанын өсүүсүнө бир катар себептер бар: мунайдын бүт дүйнө боюнча кымбаттоосу, заводдордун жазгы оңдоп-түзөө иштери, Европада Орусиянын мунай заттарына болгон суроо-талаптын өсүшү, рублдун кунунун түшүшү, айыл чарба иштеринин күчөшү жана жаз-жай мезгилдерине карата күйүүчү майга болгон талаптын жогорулашы.

Баары ушунчалык эле олуттуубу? Бул жерде Путиндин эмне тиешеси бар?

Орусияда күйүүчү майдын баасы май айында эле кымбаттап баштаган. Бул маселе абдан актуалдуу болуп, ага президент Владимир Путин да көңүл бурган. Ал 7-июнда түз алып берүү учурунда бензиндин баасынын көтөрүлгөнүнө жол бербөө керектигин айткан. Анын билдирүүсү Федералдык монополияга каршы кызматынын иликтөө жүргүзүүсүнө түрткү болгон. Бирок иликтөө иштеринин жүрүшүндө мунайдын кымбатташы - объективдүү экендиги аныкталган. Мындай абалда Орусия өзүнүн ички рыногунда акциздерди гана төмөндөтө алмак. Муну да ишке ашырышты, бирок 6-7 күн ичинде анын баасы болгону 7-8 тыйынга гана арзандаган.

Кыргыз өлкөсүндө мунайга болгон баанын кымбатташы күтүлгөн эмес беле?

Жок. Күйүүчү майлардын чекене баасынын кымбатташы күтүлгөн эле көрүнүш болчу. Кыргыз мамлекетиндеги нефтетрейдерлер ассоциациясы мунайга болгон баа 5-10 пайызга көтөрүлөрүн эскертишкен. 5-10 пайыз - бул Орусиядагы кымбаттоого салыштырмалуу бир топ төмөн.

Ассоциация Орусиянын мунай иштетип чыгарган заводу дүң бааны кымбаттатары менен бул тууралуу коомчулукка жарыялаган. Мындан тышкары Кыргыз өлкөсүндө керектөөчүлөрдүн нааразычылыгы жаралбаш үчүн анын баасын дароо көтөрбөй, акырындап көтөрүлүп жатат.

Өлкөдөгү нефтетрейдерлер запастагы күйүүчү майларды эске алуу менен анын баасынын кымбатташына дароо чоң секирик жасатпоо аракетин көрүп, аз гана суммага кымбаттатып келе жатат.

Эмне үчүн бул көңүл бурууну курчутуп жатат?

Баарыбызга белгилүү болгондой эле кайсы товардын гана баасы көтөрүлбөсүн ал кардарлар үчүн жагымсыз. А эгер бааларга көңүл бура турган болсок, кыргызстандыктар күйүүчү майларга болгон баанын өзгөрүп турушуна көнгөн эмес.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таяна турган болсок, эки жылдан бери мунайга болгон баанын өсүүсү нөлдү эле көрсөтүп турат, айрым учурда андан да төмөн болгону кездешет. Графиктен чийимдин дээрлик түптүз боюнча турганын көрүүгө болот. Бир гана 2016-жылдын май айында (+2,6 пайыз), өткөн жылдын январь жана ноябрь айында (+3,8 жана + 2,8 пайызга) өскөнүн эске албаганда.

Эгер пайыз менен эмес, сом менен карай турган болсок, анда Статкомитеттин акыркы маалыматтары боюнча, ушул жылдын январынан апрелге чейин орто эсеп менен өлкөдө бензин 0,75 сомго, ал эми дизель акыркы төрт айда 2 сомго кымбаттаган.

Дагы бир учур. Эгер Кыргыз өлкөсүндөгү бардык товарлардын баасынын өсүүсү менен салыштыра турган болсок, анда күйүүчү майдын кымбаттоосу - инфляциядан чыгып кеткен жок. Мындан да кызыгы, өлкөдө күйүүчү майдын баасынын кымбаттоосу Орусиядагы кымбаттоо менен дээрлик бирдей. Анда дагы мунайдын баасы Орусияда май айында эле кымбаттай баштаган, ал эми ал учурда Кыргызстан мындай көйгөйдөн кача алган.

Алдыда эмне болот?

Күйүүчү майга болгон баанын өсүүсү Нефтетрейдерлер буга чейин эскерткендей эле бир нече аптага созулат. Андан ары кандай болорун айтуу кыйын экенин бул мекеменин жетекчиси Улан Кулов билдирген. Муну менен катар эле ал күйүүчү майдын чекене баасы абдан эле аз суммада өсүп жатканын белгилеген.

Ар бир компаниянын мунай заттарын ташууга жана сатып алууга өздөрүнүн келишимдери бар. Рыноктун негизги "оюнчулары" азыр чыгаша эле тартып жатышат. Алардын максаты - бул абалдан эң негизгиси керектөөчүлөрдү кыйнабай алып чыгуунун жолдорун чечүү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
14.06.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
газга откоруу керек машиналарды, жана газ койгон ишканаларды козомолдоо керек талапка жооп бере тургандай кылып, анан супердин админине кайрыларым бензинди башка коншулардан алып келсе болбойбу мисалы Кытайдан
15.06.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kechirmeni, супердин админи апкелип атты беле бензинди.
15.06.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baku24,+++
14.06.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ааа неге башка нерсе арзандаганда Кыргызстанда арзандабайт?
14.06.2018. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
казактан же Кувейттен примой алыш керек окмот озу
14.06.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эч кандай проблемма кылбай эле алып келе алышпаса контрабанда деп тыйбай тим койсо комерсанттар бат эле арзан толтуруп койот бир чиновниктин козун карап буттук май ташыган
15.06.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жээнбековду Путин Атамбаевдей кукла кылып каалаганын алгысы келет, мурдагы саясат менен чоголоп сураганымды Россияга откоруп салаберсен арзандатам болбосо кымбаттайберет, элин озу эле нааразычылыктар менен сага каршы чыгат деген саясатыда. Кымбатасын бирок бербейли, президентибизди колдоп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: