Сапар Исаковду 2 айга камакка алуу боюнча чечим күчүндө калды
13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун иши боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов журналисттерге билдирди.
Токтакуновдун айтымында, бул иш мыйзамсыз каралууда.
Белгилей кетсек, 5-июнда райондук сот Сапар Исаковду тергөө аяктаганга чейин 2 айга УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Мыйзамга ылайык, чечим чыккандан кийин 5 күн аралыгында жогорку инстанцияга кайрылса болот.
Эске салсак, Исаковго 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Айта кетсек, 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.
Буга чейин 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.
кошулду



Кыскасы Сокенин коррупция менен курошкону показуха...
1 ТЭЦти модернизациялоо үчүн алынган 386 млн доллар кредит 2%дык үстөк менен алынган. Эми аны биз кайра кайтарып бергенге чейин 493 млн долларды чапчый турганы белгилүү болду. Ал эми дүйнөлүк практикада мындай ири суммадагы кредит алууда ашып кетсе 0,7-0,8% гана үстөк кошулушу керек. С. Исаков муну билбей калышы мүмкүн беле? Эң сонун билет болчу. Ал билип туруп ушундай кадамга барган. Себеби, өзүнүн чөнтөгү кампайышы керек болчу.
2
2 ошол алынган кредиттин 60%ы дагы кайра максаттуу пайдаланылбай, жең ичинен желип кетип жатпайбы. Бир кычкачтын баасы 640 доллар, бир видеобайкоо жүргүзүүчү камеранын баасы 14500 доллардан документтештирилгенин коомчулук билди. Андан башка дагы толтура былыктар чыгышы күтүлүп турат. Ошол эле убакта ТЭЦ маселеси боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоодо экс-энергетика министри, депутат О. Артыкбаев бул маселени жүзөгө ашырууда ал кездеги президенттик аппараттын тышкы саяса