Жогорку Кеңеште бардык айдоочуларды кайрадан экзаменден өткөрүү сунушталды
13-июнда Жогорку Кеӊеште "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүк саат өттү.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, акыркы 10 жылда 10 миӊден ашык адам каза болду.
КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева көпчүлүк айдоочулар жол эрежесин билбей турганын айтты. "Айдоочуларды кайрадан экзаменден өткөрүү мүмкүнчүлүгү барбы?" - деп депутат ички иштер министри Кашкар Жунушалиевден сурады.
Кашкар Жунушалиевдин айтымында, айдоочуларды кайрадан экзаменден өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар, учурда укуктук-ченемдик базага тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү даярдалып жатат. "Колунда айдоочулук күбөлүгү барларды экзаменден өткөрүү боюнча укуктук-чечемдик базага өзгөртүү киргизүү сунушталууда", - деди Жунушалиев.
кошулду


Болбосо адам омурун чиркейчелик корбой адырандап унаа айдагандар кобойду, жол эрежесинин балээсин да билишпеген, акчага вод.права сатып алгандар....
Карупсияга жол ачып жатышат андан көрө жөн еле акча берсин правасы барлар деш керек....
Же чрнтогунор жука болуп жактабы,