Темир Сариев УКМКга сурак берип чыкты
Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак берип чыкты.
Сариев журналисттерге билдиргендей, УКМКга ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылган. Сурак берүү убактысы болжол менен 2 саатка созулду.
Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
-1

Ушул иш эмнеге аягына чыкпай калды деп мен да көп ойлоном.Телефонный разговорлору да бар эле.