super.kg logo

Чүйдө Казакстандын жараны 500 килограмм баңгизат менен кармалды

 

Казакстандын жараны Чүй облусунан 500 килограмм баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-июнда саат 20:20 чамасында ИИМдин баңгизатты сатууга каршы күрөшүү кызматы ыкчам изилдөө иш-аракеттеринин алкагында Аламүдүн районунун Луговой көчөсүнөн Aуди үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны 57 жаштагы А.С. аттуу коңшу өлкөнүн жараны башкарып бара жаткан. Унааны тинтүү учурунда артынан жана салонунан 30 литрлик 14 канистрге куюлуп, жалпы салмагы 500 килограммды түзгөн сары түстөгү өзгөчө жыты бар суюктук табылган.

"Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган адам Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда", - деди маалымат катчы.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.06.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанга граммдап эмес жарым тонналап ташып конуп калышканго? Кыргызстанда болоберет деп адат кылып ташып журуп эми результат учун кармалса керек.
14.06.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тообоо дейинчи иий мунун баарын колдонгон биздин кыргыз жигит.кыздардан кандай муун торолот.Ээ АЛЛАХЫМ баарыбызга ыйман.ынсап эрктуулук бер.Жаман нерселерден алыс кыл.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: