super.kg logo

Грузиянын өкмөт башчысы Георгий Квирикашвили кызматтан кетти

 

Грузиянын өкмөт башчысы Георгий Квирикашвили кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ал 13-июнунда кечке маал атайын өткөргөн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Ал кызматтан кетип жатканына бийликчил партия аталган "Грузин кыялы" партиясынын лидери Бидзина Иванишвили менен көз караштары дал келбегендиги себеп болгонун айтты.

"Мен ар бир жарандын өкмөт башчысы болууга тырыштым. Мен ар убак команданын оюнчусу болгом. Акыркы жагдайды жана команданын маанайын байкап ушул чечимди кабылдадым. Анткени партия лидери менен айрым маселелер боюнча пикирибиз келишпей калды”, - деди ал.

Квирикашвили Грузин өкмөтүн 2015-жылдан бери жетектеп келе жаткан.

Айта кетсек, Грузиянын Тбилиси шаарында 31-майда башталган нааразычылык митинги азыркыга чейин уланууда. Нааразычылык митингинин башталышына Тбилисиде өлтүрүлгөн эки жаш өспүрүмдүн өлүмү түрткү болгон. Шаар тургундары Тбилиси шаардык сотунун өкүмүнө нааразы болуп митингге чыгышкан.
Анткени өткөн жылдын декабрь айында эки окуучуну мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген эки адамды сот актап өкүм чыгарган. Мындан улам демонстранттар Грузия өкмөтүнүн токтоосуз кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Бул окуяга байланыштуу Грузиянын баш прокурору Ираклий Шотадзе отставкага кеткен.

11-июнь күнү “Бириккен улуттук кыймыл” деп аталган оппозициялык партиянын лидери Ника Мелиа менен бирге бир катар митингдин катышуучулары камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: