Учурда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун казынасында 170 миллион сомдон ашык акча бар
Азыркы тапта камсыздандыруу келишиминин негизинде жарандардан түшкөн акча 170 миллион сомдон ашык. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандырууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бурул Калматова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, ай сайын чогулган акча кайда жумшалгандыгы тууралуу тиешелүү жактарга отчёт берилип турат.
"Келишимдин негизинде жарандардан түшкөн акча мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдө болот. Ай сайын акчаны кайда сарптаганыбыз тууралуу отчёт берип турабыз. Каражатты негизинен турак жайлары жабыркаган адамдарга төлөп берүү үчүн депозитке салабыз. Учурда бизде 170 миллион сомдон ашык акча бар", - деди Бурул Калматова.
Ошондой эле акыркы 5 айда сарпталган акчалардын эсебине токтолду.
"Ушул жылы турак жайы жабыркаган 90го жакын адамга камсыздандыруу келишимине ылайык 2 миллион сомго жакын сумма төлөнүп берилди. Алардын баарынын турак үйү табигый кырсыктан улам жабыркаган", - деди ал.
Эске салсак, 2015-жылы турак жайларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы кабыл алынган.

