Камсыздандыруу уюму тарабынан 2 жарым жыл ичинде 190 адамга 18 миллиондон ашык акча төлөнүп берилген
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2 жарым жыл аралыгында 190 адамга 18 миллиондон ашык акча төлөп берген. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандырууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бурул Калматова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, камсыздандыруу милдеттүү жана ыктыярдуу деп эки түргө бөлүнөт. Турак үй жана автоунаалар милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш.
"Турак үйлөрдү камсыздандырган соң төлөнүүчү жылдык баа айыл жергесиндеги турак үйлөр үчүн 600 сомду түзөт. Эгерде турак үйү жабыркаса компания тарабынан төлөнүп берилүүчү баа 500 миң сом. Ал эми шаар жеринде жылдык баа 1200 сомду түзүп, компания тарабынан 1 миллион сом төлөнүп берилет", - деди Калматова.
Ошондой эле Бурул Калматова барган сайын турак үйүн камсыздандырган жарандардын катары кеңейип жатканына токтолуп, камсыздандыруу уюму иш алып барган 2 жарым жылда кандай иштер жасалганын айтып кетти.
"2016-жылы 10 миң 800 турак үйдү камсыздандыруу боюнча келишим түзүлгөн. Табигый кырсыктан жабыркаган 7 турак үйгө 1 миллион 419 миң сом төлөнүп берилген. 2017-жылы 65 миң 524 келишим түзүлүп, 76 турак үй ээсине 15 миллиондон ашык акча төлөнүп берилген.
Быйылкы 5 айда 30 миңден ашык келишим түзүлгөн. Табигый кырсыктан жабыркаган 90 турак үй ээлерине 2 миллиондон ашык акча төлөнгөн. Жалпысынан 2 жарым жыл ичинде 190 адамга 18 миллиондон ашык акча төлөнүп берилди. Буга Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркаган 47 турак үйлөр кирет. Аларга 6 миллион сом төлөнүп берилген".
Жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруунун 4 түрү бар. Андан сырткары өзүнүн өмүрүн, турак үйлөрдү жана автоунааларды камсыздандыруу тармактарга бөлүнөт.
Учурда өлкө боюнча 470 камсыздандыруу агенттиктери иш алып барышат.



1 |