Премьер-министр мигранттар 2017-жылы өлкөгө канча акча которгонун айтты
Былтыр мигранттар өлкөгө 2,4 миллиард доллар которгон. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин 14-июндагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.
Өкмөт башчы мигранттар которгон каражат 2016-жылкы көрсөткүчтөн 20 пайызга көп экенин кошумчалады. “2017-жылы мигранттардан 2,4 миллиард доллар которулду. 2016-жылга салыштырмалуу 20 пайызга көбөйдү. "Манас", "Ош" аэропортун модернизациялоого 1,1 миллиард сом каражат жумшалды. Чек арадагы 4 пунктту реконструкциялоого 144 миллион сом каржыланды. Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду тарабынан 822 долбоорду колдоого 311 миллион доллар каражат бөлүндү.
Былтыр 3 миң 339 өзгөчө кырдаал катталды. Өрттөрдүн чыгымы 1 миллиард сомду түздү. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен 65 миң 500 камсыздандыруу келишими түзүлгөн. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 6 эсе көп”, - деди Абылгазиев.
Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2017-жылдагы иштери боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отчёт берүүдө. Жыйындын жүрүшүн онлайн түрдө ушул шилтемеден окуп турсаңыздар болот.






1 |