super.kg logo

Депутат Каныбек Иманалиев парламентте Өмүрбек Текебаевдин сөзүн кайталады

 

"Эң чоң жыйын ушул жерде - Жогорку Кеңеште". Мындай сөздү депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр отчёт берер алдында айтты.

Депутат Максат Сабиров: "Жаңы өкмөт иштесин. Ар бир фракциядан эки мүчөдөн сүйлөсүн. Ошо менен жыйынтыктайлы", - деп сунуш киргизди.

Депутат Каныбек Иманалиев: "Эң чоң жыйын ушул жерде - Жогорку Кеңеште. Отчётту кабыл алып бүткөнбүз. Бирок маалымат алуу үчүн болсо да суроо берели да. Регламент боюнча уланта берели. Бюджетти бекитип жатканда отчётту угуп жаткандагы жыйын сөзсүз өтүшү керек. Бюджет деп бекиткен 145 миллиард сомдун, 6 миллион адамдын тагдырын эл билсин", - деп айтты.

Сабиров депутаттар каршы болсо сунушун кайтарып алууга даяр экенин билдирди. "Өкмөттү кетирсек, азыр кетирели. Баары бир суроо берип туруп эле "канааттандырарлык" деп кабыл алып коёбуз. Абылгазиев 8 ай вице-премьер болуп турган. Азыр эми жакшынакай отчётту угалы деп жатабыз. Биз башынан ишти туура эмес кылганбыз. Отчёт буга чейин эле кабыл алынган да. Парламент чечип алалы. Кааласанар сунушумду кайтарып алам", - деди.

Эске салсак, 2017-жылдын башында парламент жыйынында учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт ЕАЭБ боюнча отчёт берген. Убакыт бүткөн соң экс-депутат Өмүрбек Текебаев өкмөткө суроолор көп экенин айтып, алардын жыйындан кетишине каршы чыккан. Текебаев премьер-министрге: "Бир маселени чечкен жоксуңар. Кандай жыйыныңыз бар? Эң чоң жыйын ушул жерде - Жогорку Кеңеште", - деп сын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: