Бишкек шаарына отургузулган 9 миң сомдук көчөттөр соолуй баштады (фоторепортаж)












Борбор калаанын Чүй кең көчөсүндө жайгашкан "1000 түркүн" дүкөнүнүн алдына тигилген көчөттөрдүн көбү соолуй баштады. Буга аталган аймактан өтүп бараткан ар бир адам күбө боло алат.
Бишкек шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Болот Абдыжапаров көчөттөр куурай баштаганын тастыктап, куураган көчөттөр жакын арада алмаштырыларын билдирди. Айтымында, бул көчөттөрдүн ар бири 4 миң сомдон 9 миң сомго чейин сатып алынган.
"Келишим боюнча көчөттөрдү алып келген "Арт Грин", "АГТ Азия" жана "Зиар Строй" компаниялары 12 ай бою көчөттөрдүн өсүшүн көзөмөлдөп, куурап калган көчөттөрдү акысыз алмаштырышат. "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы агрономдор менен биргеликте Масалиев көчөсүндөгү Айтматов проспектисинен Ала-Арча суусуна чейинки аралыктагы өсүп жаткан жаш көчөттөргѳ мониторинг жүргүздү. Анын жыйынтыгы менен куураган көчөттөр компания тарабынан алмаштырылууда, жакында "Миң түркүн" дүкөнүнүн алдындагы көчөттөр дагы алмаштырылат", - деди маалымат катчы.
Айта кетсек, шаар ичин жашылдандыруу максатында "Жашылдандыруу" ишканасы чет өлкөдөн 13 миллион 763 миң сомго көчөттүн алты түрүн сатып алган. Көчөттөрдүн 1 түбүнүн баасы 9 миң сомго чейин жете тургандыгы маалымдалган.
Ушул жылдын 28-майында 9 миң сомдон сатып алынган көчөттөр боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "коммерциялык же башка уюмдардын кызыкчылыктарын кыянаттык менен пайдалануу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштаган.
Жалпысынан 2017-жылдын күз айларынан баштап "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы тарабынан шаардын ар кайсы жерине 2 миң 875 көчөт отургузулуп, анын ичинен көбүрөөгү Масалиев көчөсүнө (Түштүк магистраль) тигилген.
кошулду


Астанада 2014 жылы болдум обычный тал эгишиптир жаны салынган мечитке жакын жашачумун баардык жагы тал эгишкен. Талды кыйып салсан каалаган жагынан чыга берет ошондуктан жинди тал дейт