Кыргыз кызы Стамбул аэропортунун аймагынан дайынсыз болууда
Стамбулдун аэропортунун аймагынан Кыргыз кызы Нургиза Кулмамбетова дайынсыз болууда. Бул боюнча ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Торонто-Стамбул-Бишкек рейси менен учуп келе жатып Стамбулдун аэропортунун аймагынан жоголду деген маалымат бар. Ошондуктан биз төмөнкү маалыматтарды кабарлайбыз деди маалымат катчы.
"Кечээ, Нургиза Кулмамбетова аттуу жараныбыздын жакындары Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине аталган жаран байланышка чыкпай жаткандыгы жана аны табууга жардам берүүнү суранып арыз менен кайрылышкан. Ошол эле күнү Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы Башкы консулдугубузга тапшырма берди. Башкы консулдук аталган жаранды табууга көмөк көрсөтүүсүн өтүнүп түрк тарапка расмий кайрылгандыгын кабарлайм. Азыркы учурда Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан тиешелүү издөө иштери жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.


Такталбаган маалымат жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу эскертүү берилген, 5 күн БАНга!