super.kg logo

Бишкек шаарында жаңы гүлбакча ачылды

 

Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде гүлбакча ачылды. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, "Жашылдандыруу" ишканасынын жумушчулары 1 миң 890 метр квадрат аянтка гүлдөрдүн түрүн жана бактарды отургузган. Жалпысынан липанын 13 көчөтүн, 20 ийне жалбырактуу бак, 24 бадал отургузулган. Ошондой эле бир жылдык гүлдөн 5 жарым миң түп тигилген. Мындан тышкары гүлбакча тосмо менен курчалган. Анда отургучтар, таштанды таштоочу урналар жана видеобайкоо орнотулган. Ал эми кичинекей эс алуучулар үчүн оюн аянтчасы дагы каралган.

Гүлбакчадагы көчөттөрдү өз убагында сугарып туруу үчүн себелетип жана тамчылатып сугаруу системи орнотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.06.2018. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жапайыдай болбой эми таза кармап, колдонгон нерселеринерди таштап салбай м/ящикке таштагыла, отургуч, селкинчектерди талкалап, жыгачтарын дунуйо коруп которуп кетпей жакшы колдонгула, таза бутун болсо шаардын корку, кичинекейлер учун ойногонго жакшы болот, антпесе биздин эл ачыгын айтканда маданият, коомдук жайда озун алып журуу дегенди билишпейт.
14.06.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Гул бак десе чоон гул бакты элестетипмин) Дубайдагыдай эмес бирок*)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: