super.kg logo

Өзүн "депутатмын" деп тааныштырып, тургундарды алдап жүргөнгө шектүү аял кармалды

 

Ички иштер министрлигиндеги Криминалдык милиция бөлүмүнүн опер кызматкерлери алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн Чүй облусунун жашоочусун кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө иштеринде кармалган аял өзүнүн максатына жетүү үчүн тургундар менен "жогорку кызматта иштеген адаммын" деп таанышып, бардык көйгөйлөрдү чече алуусун айтып жүргөнү аныкталган. Ошондой эле бир нече чоң кызматта иштеген адамдар менен телефон аркылуу сүйлөшүп жаткандай түр көрсөтүп жабырлануучулардын ишенимине кирген.

Милиция алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн аял 58 жаштагы Аламүдүн районунун тургуну экенин аныктаган. Ал 2014-жылы Ош облусунун тургунунун ишенимине кирип, өзүн мэрияда иштейм деп тааныштырып, жер тилкесин алып берүү убадасы менен андан 4 миң 500 доллар, 6 миң 900 сом алган. Андан кийин ал тургунга дайынын билдирбей кеткен. Ошол жылы Ош ШИИБи алдамчылык беренеси менен ага кылмыш-изин козгоп, шектүүгө издөө жарыялаган.

Издөө иштеринин алкагында А.Т. аттуу шектүү аялдын бир нече мамлекеттик мекемелерге жана жарандарга өзүн Жогорку Кеңештин депутатымын деп тааныштырып, телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон. Бир ирет "Администрациядан чалып жатам" деп электриктерге үйүнүн оңдоо иштерин жасаткан.

Криминалдык милиция бөлүмү шектүү аялга алданып калгандар болсо же ал тууралуу маалыматтарды билгендер болсо 0702 000 170, 0555 36 50 01, 0312 26 63 21 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
14.06.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
А Т дебей эле ачык аты жөнүн жазсаңар болбойбу? Эл билсин да ким экенин...
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-15 11:51:32
14.06.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул аялды криминалдык милиция опер кызматкерлер кармап келдиби?!!!
Дагы жакшы аял киши экен. Эркек болгондо кимдер кармап келмек...?
14.06.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чында көзүн бекитип койсоңор алданган кишилер кантип тааныйт дагы бажырайтып номерлерди чалгыла деп коюпсунарда
15.06.2018. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял деген атка татыктуу болуп жашай албай калдык го аттин,
15.06.2018. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Охоо абжешканын каштарыле айтып туратго
15.06.2018. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
evidens,вахахах
15.06.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын ушуга окшогон ХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-15 13:03:52
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: