super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызстанда мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыкка өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

 

Бүгүн, 25-июнда президент Алмазбек Атамбаев “2005-жылдын 24-октябрындагы “Кыргызстанда мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду. Жарлык класстык чиндерди ыйгаруу жана мамлекеттик кызматкерлерди аттестациялоо жүргүзүү жол-жоболорун “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, класстык чинди ыйгаруу ээлеген кызматынын шайкештигине аттестациянын натыйжалары боюнча гана жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу квалификациялык сынакты тапшыруунун натыйжалары боюнча класстык ченди ыйгарууну жокко чыгарган өзгөртүүлөр киргизилди. Ушундай эле өзгөртүүлөр жана толуктоолор КРнын мамлекеттик кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү тартиби жөнүндө жобого да киргизилди. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: