super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков: "Орозо айында береке жаап, таза тилек менен жасалган иштер арбын болду"

 

Бүгүн, 15-июнда президент Сооронбай Жээнбеков мекендештерди Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"Сиздерди руханий тазаланууну, тынчтыкты жана мээримдүүлүктү даңазалаган Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Орозо айт ар бир мусулман үчүн улуу күн. Бир ай бою жакшы ниеттер ишке ашырылып, соопчулук иштер жасалды. Орозо айында береке жаап, муктаждарга садага берилип, таза тилек менен жасалган иштер арбын болду. Жан дүйнөбүз арууланып, ак ниетибиз менен адал иштерди аткарып, бири-бирибизге жакшылык тартуулаганга умтулдук.

Кармаган орозоңуздарды Жараткан кабыл кылсын! Бул айда жасаган жакшы иштерибиз коомубуздун ынтымагын бекемдесин. Кыргыз жергесине дайыма ушул Орозо айындагыдай кут төгүлүп, ар бир үйдө бак-таалай, ырыс-береке толуп турсун. Ар дайым мекенибиздин асманы ачык, элибизде ынтымак, биримдик жана молчулук болсун. Кыргыз мамлекетибиздин күн сайын алдыга карай өнүгүүсүнө ар бирибиз салым кошолу! Орозо айтыңыздар маарек болсун!" деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
15.06.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мм Соке сизге да айт маарэк болсун бирок акыркы болуп жаткан сотун иштери жууп кетти окшойт кылынган жакшы иштерди
15.06.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чооң рахмат сизге Улуу Урматтуу Ажоо!! Менда кошулам кыргыз элим Ажообуздун айткан куттуктоосуна.туткан орозоңуздар кабыл кылсын жаратканым,үй бүлөөңүздөр менен бактылуу болуңуздар.
15.06.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Рахмат сизге да бирге болсун. Ак уйдун ичиндеги талаш тартыш качан бутот жана элдердин койгойлорун качан чечилет. Депутаттардын талашы Санта Барбара болуп кеттиго, бир соз менен баарын ордуна койуп койсонуз. Жаман аялдар дай кылып ажылдата бербей аларды.
15.06.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
senchi,оа сөзүңө кошулам бизди чоңдорда а деп бир бири менен талаш тартыш кыла бербей башка башчыларга окшоп элдида карагыла
15.06.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ойлогонбуз биз да эми адилеттулук болот деп жок адашыптырбыз
15.06.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйраттып жатасын
15.06.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооа тим эле укмуш иштер болду.Жер берилип соттордун адилетсиздигин чек аранын чатакташканын айтып жатат го.Олко биринчи чек араны бекемдоо керек.Эмне мамлекеттин кучу жетпейби талаш жерди тактап жок дегенде тикен ымдан тартып кою деген.А сотторду айтпай эле коёюн.Ичин куйгондон айла жок жазат экенсин да ушунча соз.Айт маарек болсун туугандар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: