super.kg logo

Орусияда пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу каралууда

 

Орусияда 2019-жылдан тарта пенсияга чыгуу курагы жогорулайт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар премьер-министр Дмитрий Медведевдин 14-июнда жасаган билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Орусиянын өкмөтү пенсия курагын көтөргөнгө жараша акча көлөмүн да жогорулатып турууну убадалоодо.

"Орусиянын өкмөтү пенсия курагын аялдар үчүн 63 жашка, эркектер үчүн 65 жашка жогорулатууну сунуштоодо. Аталган реформа этап менен ишке ашырылып, 2019-жылдан башталмакчы. Аялдардын пенсия курагын жогорулатуу 2028-жылга чейин, ал эми эркектердики 2034-жылга чейин ишке ашырылат. Мындан сырткары иш тажрыйбасы жогоруларга белгиленген мөөнөттөн 2 жыл эрте пенсияга чыгууга шарт түзүлөт. Тагыраагы, аялдардын 40 жыл, ал эми эркектердин 45 жылдык эмгек тажрыйбасы болсо эске алынат", - деп айтылат маалыматтарда.

Учурда Орусияда аялдар 55, эркектер 60 жаштан пенсияга чыгышат. Пенсиянын орточо көлөмү 14 миң 414 рубль. Өкмөттүн бул сунушун эми Орусиянын Мамлекеттик Думасы карайт.

Айта кетсек, Кыргыз өлкөсүндө аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
15.06.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо Алла Пугачева ала берет дагы пенсияны,Максим 20 жылдан кийин алып калабы?)))))
15.06.2018. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
-Sumitra-,
15.06.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
40жыл иштеп пенсияга чыккандан кийин аары жагына аз эле калат... даары дармектерге ж. б кетет. биздин депутаттар да ушундай кылабыз деп чыкпаса эле болду.
15.06.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орустун эркектери 65ге чыкканы аз бюджетин толтурунун амалын пенсиянын акчасы менен толтуралы дептир да.
15.06.2018. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jelezo, ЧМ кеткен чыгымдарды, Крым копуросуно короткон акчаларын толтуруп алгылары келгени.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: