Сауд Арабиясынын футболчулары Орусия курама командасынан жеңилгени үчүн жазаланат
Арабиялык футболчулар Дүйнө биринчилигинин ачылышында орусиялык футболчулардан жеңилгени үчүн дисциплинардык жоопко тартылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, Сауд Арабиясы менен Орусия кечээ, 14-июнда Дүйнө чемпиондугунун алгачкы оюнунда кез келип Орусия курама командасы 5:0 эсебинде жеңишке жеткен.
"Биз бул жеңилүүгө абдан капабыз жана мындай көрсөткүчкө канааттанбайбыз. Анткени бул биздин курамдын даярдыгынын көрсөткүчү эмес. Даярдыктардын бири - бул күчтүү каршылаштардын жанында коркунучту жоюу болчу. Дарбазачы Абдаллах аль-Майюф, чабуулчу Мохаммад ас-Сахлави жана коргоочу Умар Хавсави дисциплинардык жоопко тартылат", - деп билдирген Сауд Арабиясынын футбол федерациясынын жетекчиси Адель Иззат.
Ал эми спорт боюнча улуттук комитетинин жетекчиси Турки Аль аш-Шейха нааразычылыгын билдирип, "Бүгүн оюнчулар менин жүзүмдү жер каратты. Мен толугу менен жеңилүүнү сездим. Биз оюнчуларды даярдоо үчүн Дүйнөнүн эң мыкты машыктыруучулары менен келишим түзгөнбүз, бирок алар ишеничти актаган жок", - деп айткан комитет жетекчиси.
Айта кетсек, Сауд Арабия курама командасы Орусия, Египет жана Уругвай курамалары менен "А" тайпасына түшкөн, кийинки беттешин 20-июнда Ростов шаарында Уругвай менен өткөрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















КТРК, КТРК Спорт
Мусульман бир туугандарга ийгилик каалайм.